Атамбаев ушак айткандыгы үчүн жооп бере баштады, мамлекетти талап-тоноп, уурдагандары үчүн качан жооп берет?

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаев саясатчылар Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге ар-намыстарына шек келтиргендиги үчүн ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ал эми соттун дагы бир чечими менен «Апрель» телеканалы аталган саясатчыларга акысыз эфирдик убакыт бермей болду.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган саясатчылар өткөн жылдын аягында Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалын сотко берип, анда “ар-намысыбызга шек келтирди” дешип, соттон 18 млн. сом өндүрүп берүүнү суранышкан болчу.

Ошентип, экс-президент “Апрель” телеканалы аркылуу ойлонбой айткан сөздөрү үчүн жооп бере баштады. Суроо туулат, мамлекетти талап-тоноп, “уурдагандары” үчүн качан жооп берет?

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу