Атамбаев Тюлеевге канча доллар карыз экендиги ачыкталды…

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясына Нариман Тюлеевден 500 миң доллар алган. Бул тууралуу Тюлеевдин кызы бүгүн Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Ал атасынын кайрылуусун депутаттарга окуп берди.

“Канатбек Исаев бир нече жолу Атамбаев мультимиллионер болуп кеткендигин айтты. Исаевдин сөздөрүн мен дагы тастыктайм. Атамбаев менден шайлоого карызга 500 миң доллар алган. Ал президент болуп келгенден кийин, мен акчамды кайтарып берүүнү сурандым. Ал мага болгон мамилесин өзгөрттү. Мен Атамбаевге бир нече жолу жардам берип келгем. Анын 2010-жылга чейин байлыгы жок болчу. Атамбаев мени саясатчы, ишкер  катары жок кылгысы келген”,- деп билдирди Нариман Тюлеев.

fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу