Атамбаев парламентти таратабы?

24-ноябрда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы же кыргызча айтканда такка олтургузуу аземи болуп өтөт. Мамлекеттик бюджеттен 13 миллион сом каралган салтанатка бул сапар чет өлкөлөрдүн президенттери чакырылган жок.

Бирок, кыргыздын башы башка маселеге ооруп турат. “Атамбаев тактысын өткөзүп бергенден кийин эмне кылат?”- деген суроого айрымдар: “Польшадагы Качиньскийге окшоп дачасында жатып алып Кыргызстанды башкара берет”,- деп жооруса, кээ бирлери саясаттан кетерин айтышууда. Бирок, жарым жыл мурда президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин чыгармачылыкка баш-оту менен кирише турганын айткан президент акыркы кездерде ал оюн кардиналдуу түрдө өзгөрттү. Өзү менен кошо саясаттагы карт бөрүлөрдү алып кетерин мурда айтса, азыр 40 жаштын тегерегиндеги “бузукуларды” (бул кара тизмеге албетте Бабанов, Төрөбаев кирсе керек) да жөн калтырбастыгын айтууда. “Алар кайра келе алышпайт, бирок мен кайтып келе алам, анткени эл алдында абийирим таза”,- деп айтканынан эле дем-күүсүндө турган президенттин саясаттан четтебешин түшүнсөк болчудай. Мына ушунун өзүнөн улам: “Соке өз алдынча саясат жүргүзө албай калат го, АШАга баары бир көз каранды”- деген ойлор жаралышы мүмкүн. Аныгында Сокенин кандай президент болорун, ал кеткен президенттин көзүн карайбы же элдин кареги менен тең айланган мыкты эл уулу болуп чыгабы, азыр айтуу кыйын.

Эми ишенимдүү булактан чыккан маалымат менен бөлүшө кетели. Парламенттин коомдогу кадыр-баркын жакшы билесиздер. Дээрлик депуттардын 70-80 пайызы саясий сойкунун кейпин кийе баштаганы бурч-бурчтарда эксперттер тарабынан айтылып келаткандыгы жөн жеринен эмес. Акыркы фракциялар ичиндеги ыйкы-тыйкы көрүнүштөр да буга мисал. Азыркы депутаттардын эл ичинде кадырын сактап кала турган бир гана жолу калды – ал өз уяты менен таркап кетүүсү. Бирок мансап дегенде эки көзү төрт депутаттардын буга барышы күмөн. Парламенттин деградацияланып кеткенин мөөнөтү аяктап бараткан президент деле көрүп турат. Ал өзү деле КСДПнын тизмесин түзүүдө катачылыктар кеткенин айтып, кейип жүргөнүн айткан жери бар.

Ошондуктан, Атамбаев тактысын тапшырып, ден-соолугун чыңдап келген соң парламентти таркатууга киришип, өзү шайлоодо КСДПнын тизмесин баштап чыгаары айтылууда. 5-6 партияга бөлүнүп, ич ара ыйкы-тыйкы болгон парламент өзү актаган жок. Демек, ал шайлоодо КСДПнын көпчүлүк добуш менен жеңип чыгышына жан үрөйт. Ошондо бир партия гана башкарып, коалиция түзүп, убара болушпайт. Аналитиктер акырында Атамбаев спикер болуп, парламенттик башкаруунун чаңын чыгарарын болжошууда. Көрө жатарбыз…

Булак: Майдан. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу