Атамбаев орозодон кийин элди алып чыгабы?

Орозо айынын ичинде көптөн бери тергөө жүруп жаткан Мусакеев Дамирдин 5 жылга эркинен ажыратылып абакка отургузулду. Ага чейин Батукаевдин чыры мурдакы вице-преьмер Атаханов камакка алынды. Айрым бир аналитиктердин айтышына караганда укук коргоо органдары акырындык менен экс-президент Атамбаевдин фигурасын көздөй жакындап келе атышат. Ага кошул-ташыл экс-президент тууралуу мыйзамга да кол коюулду. Эгер кылмыш кылган болсо аны жоопко тартуу процедурасы бир топ жеңилдеди. Ошол мыйзамга ылайык Атамбаев СДПКдагы жетекчилик кызматын да өткөрүп берди.

Азыркы учурджа коомчулукту кызыктырган суроо биздин оюубузча төмонкүчө:

Биринчиси Батукаевдин иши Атамбаевге такалабы?  Эгер укук коргоочулар аргументтей алса, аны суракка чакырышып же болбосо камап салганга батынышабы?

Экинчиси мындай маселелер өлкөдөгү биринчи адамдын ишараты менен гана чечилет деп көптөн бери жазылбаган мыйзам бар. Маселе азыркы өлкө башчысы андай ишарат жасайбы же ждокпу деген маселе.

Дагы бир жоромол коомчулукта кыйыр түрдө болсо да айтыла баштады. Ал ороздон кийин Атамбаев активдүү каршылык аракеттерине өтөт деген жоромол. Бирок ал кандай формада каршылык көрсөтөт? Элди көчөгө каршылык акцияларына алып чыгабы? Же болбосо каршылык көрсөтүүнүн башка формасын тандайбы? Кийинки убакта Атамбаевдин иш кабинетинен табылды деген үн жазгыч аппараттар кайра-кайра айтылып жатышы эмнени билдирет? Айтор Атамбаевдин тегерегиндеги ар түрдүү окуялардын болуп кетиш ыктымалдуулугу күн өткөн сайын жогурлап барат. Орозо бүтсө бул жоромолдордун анык бышыктыгы ачыкка чыгат.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу