Атамбаев кыргыз элин уранга ууктуруп, канча байлык тапкан?

Алмазбек Атамбаев өзүн өтө эле даанышман жол башчысы катары сезип, эл үчүн күйгөн адамдай жан үрөмүш болуп келди. А бирок, беткап артындагы чыныгы жүзү бийликти гана көксөп, ал үчүн кимдин гана болбосун башын аттамак тургай, канын ичүүгө да даяр экени ар кадамы сайын аныкталып баратат.

Жакында Кыргызстандагы уран жаңжалынын артынан да так ушул мурдагы президенттин көлөкөсү көрүндү. Экс-президент бийликтен кеткенден кийин мамкызматтардагы коррупция боюнча төбө чачты тик тургузган фактылар ачыкка чыкты. Андан да уранды изилдөө жана казууга лицензия бергени катуу тийди. Албетте, ал муну өзү жасаган жок, башка адамдардын колу менен жигин билдирбей жасады.

Мисалы, геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев камалгандан кийин гана анын аталган кызматтын чокусунда отурган жылдары рекорддук сандагы лицензиялар берилгени маалым болду. Катардагы жетекчи канча каалаган күндө да мындай оңго-солго кудум баракча таратып жаткансып лицензиялар менен “ойной” алмак эмес да. Мамлекеттин башында отургандардын кубаттуу тобу, кыргыз жерин казуунун, аңтаруунун аймагына айлантып, кен байлыктардын зыяндуу, зыянсызы болобу, иши кылса өз капчыктарын калыңдатып алуунун камылгасын көргөнү айтпаса да белгилүү эмеспи.

Ысык-Көлдө уран казууга уруксат берилгени коомчулукка чыккандан кийин Атамбаевдин дагы бир “эл үчүн күйгөн” жүзү ачылды. Ал алты жыл ичинде өлкөнү алдыга жылдыруу эмес, анын ресурстарынан байлык жасоону гана максат кылыптыр. Ал максатына жетти, байлыкты ашыра топтоду, ал эми төлөмөйү элге калды. Ден соолугу менен да, материалдык жактан да.

“ЮрАзия Кыргызстанда” ЖЧКсына Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоого лицензия Атамбаевдин Убактылуу өкмөттө экономикалык маселелер менен алектенип жүргөн учурунда берилген. Кийинчерээк Зилалиев аны узарткан. Уу менен элин уулоону ушуну менен токтотушкан эмес. Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы уранды да чалгындоо жана казууга дагы бир лицензия берилгени аныкталды. Баягы эле Зилалиев “Рич Маунт Гонконг Тоо кен компаниясы ЖЧКсына берген экен. 2017-жылдын 31-октябрына чейин узартылган.

Компаниянын өзү иш жүргөнүн жана жүрүп жатканын, эки тилке бөлүнүп, ишти баштоого лицензия алынганын тастыктады. Андан сырткары чет өлкөлүк компанияларга КР геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттиги тарабынан 2015-жылдын май айынан баштап уран обьектилерине 14 лицензия берилген, анын арасында жогоруда биз сөз кылган эки лицензия да бар. Мына ушунун баары Атамбаевдин өлкө башчылыгына эмне максат менен келгенин далилдеп турат. Анын оюу-түшүндө эл үчүн иштөө, же элдин маселесин чечүү, мамлекетти өнүктүрүү болгон эмес. Алты жылда кыргызстандыктар Атамбаевдин оозунан жакшы деле кеп угушкан жок. Тигил аймактын элин “мал” деп, бул аймактын элин “адам эмес” деп айтор, өз элин канчалык деңгээлде “сүйөөрүн” кеби менен далилдеген. Анысы аз келгенсип, ошол “адам эмес, мал” элди уранга ууктуруп эле, түбүнө жетип койгусу келген окшойт.

Булак: Майдан.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу