Атамбаев качан кайтып келет?

Акыркы кездин эң күттүргөн окуясы – жакында өтө турганы алдын-ала анонстолуп, бирок, улам жылдырылып келе жаткан КСДП партиясынын курултайы болууда.

Эсиңизде болсо – КСДП бийликтеги партия. Президент да, премьер-министр да, дээрлик көпчүлүк министр, губернатор, аким, айыл өкмөт башчылары да ушул партиядан. Акыркы кезде бул партиянын тегерегинде өйдө-төмөн сөз көп болууда. Ички интрига да күч, маселен, айрым анын башында келаткан Чыныбай Турсунбеков өңдүү лөктөр кетери айтылууда.

Бирок, башкы окуя катары – экс-президент А.Атамбаевдин КСДПнын төрагасы болуп шайланышы күтүлүп жатат. Эсте болсо, Атамбаев кетеринде КСДПны тазалап, шайлоодо аны жетектеп бара тугандыгын айткан. Ошондон улам, акыркы маалыматтар боюнча февралдын 20, 21леринде боло турган курултайдан кийин бу партиянын парламенттеги фракциясы жапырт мандаттарын тапшырып, жаңы парламенттик шайлоого жол ачары болжонууда. “Мен спикер да, өкмөт башчы да болбойм”- деген экс-президенттин сөзүн эстегиле. Бул сөзүнүн артында, “КСДПны көпчүлүк кылып парламентке алып келсем, мага спикер же премьерликтин эмне кереги бар, ансыз деле партия төрагасы бийик, мен чечем”,- деген нерсе жаткан жокпу?

Булак: Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу