Атамбаев камалса эл көтөрүлөбү?

Мына ушундай маанидеги суроо коомчулукта кээде кызуу талаш тартышка түшө калып жүрөт. Кийинки  кездердеги Батукаевдин иши жана Дача су сыяктуу маселелердине кайра көтөрүлүп жатышынын себеби Атамбаевди камоо үчүн жасалууда деп айтышууда. Ага кошул-ташыл эң жакын жансакчысынын кесилип кетиши болду окшойт. Сырты жөнөкөй сыяктанган менен өлкөнү 6 жыл башкарган адамды камап салыш оңой иш эмес көрунөт. Айрым саясаттын көз ачыктары интернет баракчаларынан жаздын ортосунда камалат дегендер да чыккан. Ал мөөнөт ороздон кийинкиге жылды. Жайдын алгачкы кундөрү башталды, орозо айтка да саналуу күндөр калды. Бул шыбыш кептер чынга айланабы же күбүр-шыбыр бойдон калабы?

Эгер мурдагы президентти камай турган болсо, анда далай эл бийликке каршы көтөрүлөт дегендер да жок эмес.  Атамбаевге катуу сокку өңдөнуп Райым миллиондун видео кайрылуусу болду эле.  Көп өтпөй Матраимовдорго каршы багытталган өлкөдөн чыгарылып кеткен ири суммадагы акча тууралуу  “Азаттыктын”  иликтөөсү коомчулукту катуу дүрбөлөңгө  салууда.

Бул эки окуя бири-бири менен тыгыз байланыштуу дегендер да жок эмес. Эми экс-президентке каршы кандай аракеттер болот?  Буга жоопту орозо айттан кийин алат окшойбуз.

Булак:Argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу