Атамбаев-Исаков жана “Уганда-Сомали” операциясы.

Кудайбердиев Абибилла Алымович, 56 жашта, отставкадагы генерал- майор. 3 уул-кыздын атасы. Алматыдагы жалпы аскердик жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен, РФнын куралдуу күчтөрүнүн академиясын Алтын медалы менен аяктаган. Окууну аяктаган соң, Варшава келишимине кирген мамлекеттерде кызмат өтөп, союз ыдыраган соң, мекенинде кызматын уланткан.

Эки жолу КР коргоо министри болуп кызмат (21.07.2010 – 27-12.2011; 04.04.2014 – 12.10.2015) кылгандыгына карабастан, өз милдетин мыкты түшүнүп, мыкты аткарууну гана билгендиктен, аркандай саясий интригаларга. командалык ит оюндарга аралашпагандыктан, кеңири коомчулукка анчалык белгилүү болбогон инсан.

Шаар четинде 152 чарчы метр аянтты ээлеген жер тамы, 2002-жылкы жолтандабасы бар. Базары, дүкөнү же кошумча киреше булагы жок. Ичпейт, чекпейт. Аскердик пенсиясына жашайт. Жумасына 3 жолу спорт залына каттайт. Өзүн профессионалдуу аскер адамы деп эсептегендиктен, эч бир саясий күчтөргө ыктабай келет.

38 жыл аскерде кызмат кылып келгендигине карабастан, бир жолу да кызматтык жаза чараларына кириптер болгон эмес. Тескерисинче, тармактык көптөгөн сыйлыктардан тышкары Майрамдын доорунда президент Акаевдин колунан “Эрдик” медалын, 3-баскычтагы “Манас” орденин алган.

Ага карабастан, өзүнүн инсандык табияты боюнча да, алган тарбиясы боюнча да интеллигенттик мүнөзгө ээ болгон генералдын аты коомчулукка соңку мезгилде 2 жолу дүңк этти: 1-жолу 2015-жылдын октябрында жалаага кабылып, кылмышка шектелип айыпталып, кызматтан алынганда; 2-жолу 2018- жылдын 12-июнунда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Атамбаевдин жана анын Сапар Исаков баш болгон Акүй нөөкөрлөрүнүн 2014- жылдын аягында Африканын Уганда мамлекетине Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу 4 вертолётту мыйзамсыз сатуу аракеттерин ашкере кылганда.

…2014-жылдын 3-декабрында Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасы менен Уганда Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосунда бул өлкөгө биздин 4 аскердик вертолётту (орточо жалпы баасы 270-280 миллион сом) ижарага берүү боюнча келишим түзүлөт. Алдын ала айтып кете турган нерсе – жогорудагы аскердик тик учактар “Кыргызкуралга” эмес, Коргоо министрлигине таандык экендигине карабастан, Акүй алыпсатарларынын куулугу менен жогорудагы эл аралык келишимге (03.12.2014., №МOD 016) министр А.Кудайбердиевдин эмес, аны айланып өтүшүп, “Кыргызкуралдын” башкы директору Б.Кожобековго кол койдурушат. Бул мыйзамсыз келишимде тик учактар Коргоо министрлигине эмес, “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасына таандык деп атайылап, туура эмес көрсөтүлгөн. Бул ызы-чуулуу маселе эң жогорку деңгээлде – президент Атамбаевдин буйругу (08.10.2014., №169-буйрук) – атактуу кычкачпуруш Сапар Исаковдун айлакерлиги менен чечилгендигине карабастан, министр А.Кудайбердиев бул шумдукту билип калып, шашылыш түрдө УКМК төрагасы Б.Табалдиевге, Башпрокурор И.Жолдубаевага жана ошол кезде өкмөттө тийиштүү блокту тейлеген вице-премьер А.Маматалиевге официалдуу билдирүү жөнөтөт.

Табалдиев адатынча дымып калса да, берки экөө министрдин билдирүүсүндөгү маалыматтарды текшерүүгө буйрук беришет. Башпрокурор аскер прокуратурасы аркылуу жогорудагы эл аралык келишимдин мыйзамсыз экендигин аныктоого жетишет. Ызы-чуу башталат.

Коргоо министри ошол замат Б.Кожобековду кескин негиз менен ээлеген кызматынан бошоткону менен, ага карата аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши негедир козголбойт.

Жогорудагы Кыргызстандын зыяны үчүн токулган алдаркөсөлүк келишимде вертолёттор үчүн акыны которууга Коргоо министрлигинин валюталык эсеби көрсөтүлбөстөн, Бириккен Араб Эмираттарындагы Сапар Исаков жакшы билген “Skytech Trading Services FZE” менчик ишкананын эсеби көрсөтүлгөн.

Кылмыштуу келишимдин талабы боюнча ижара мөєнөтү негедир 2 жыл деп белгиленген. Иш жүзүндө, эл аралык алдаркөсөлөрдүн планы боюнча 4 тик учак генерал А.Кудайбердиев жолтоо болбогондо, биротоло жок болмок. Мындан тышкары алдаркөсөлүк келишимде Африкага кетчү тик учактарды аркандай кырсыктардан камсыздандыруу чарасы атайылап көрүлгөн эмес. Ижара баасы да атайылап көрсөтүлбөй, аны Кыргызстан тараптан Сапар гана билген болуш керек. Келишимди түзүп жаткан учурда Сапар баалардын суммасын мен билсем болду деген го, сыягы.

Келишимде көрсөтүлгөн 4 вертолёт боюнча, кийинчерээк билингендей, Угандага берилбей эле, көп жылдардан бери граждандык согуш жүрүп жаткан Сомали мамлекетине жеткирилмек. Сомали ООНдун миссиясына кирбегендиктен, Атамбаев менен айлакер Исаковдун нөөкөрлөрү тик учактарды Уганданын коргоо министрлиги аркылуу биротоло сатып жок кылышмакчы болушкан экен.

Жогорудагы келишимдин дагы бир өзгөчөлүгү – анын дээрлик бардык беренелери кыргыз мамлекетине каржылык зыян келтирчү шарттарды камтыгандыгын кантип түшүнүүгө болот?! Тескерисинче, пайда Акүй авиабандасынын мүчөлөрүнүн чөнтөгүнө түшмөк. А, мүмкүн, алар Сомалидеги “санаалаштарынан” жең ичинен алдын ала алган авансты кайтарып бербөө үчүн жаналакетке түшүшүп, министрди каматып жок кылуунун айласына өтүшкөндүр?..

Кудайдын мындай чоң сактагандыгы үчүн Акүй авиасоодагерлери генерал А.Кудайбердиевге алкыш айтуунун ордуна, Африканын азаптуу Сомали элине кылынчу “жакшылыкты” үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жалаа токушуп, аскер прокуратурасы аркылуу кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылып, кызматтан алышат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-3-пункттарында (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171- беренесинин бир нече пункттарында (Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу…) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча айып тагылат.

18 айга созулган буюртма жана жасалма тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Кудайбердиевди айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом токулуп, ал документте уккан кишинин жүрөгүн түшүрүү үчүн 474 миллион сом, 135 миллион сом, 91 миллион сом, 35 миллион сом, 24 миллион сом, 12 миллион сом, 7 миллион сом, 5 миллион сом сыяктуу эч бир кылмышка тиешеси жок, орунсуз сандар көбүртүлүп-жабыртылып, негизсиз көрсөтүлүп, ал айыптоолор далил таппагандыктан, айла кеткенде аскердик прокуратура эч качан өз милдетине кыянат кылбаган, казынага эч качан кол салбаган генералды “шалаакылыкка жол койгондугу” үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 316- бересининин 1-бөлүгүндө (Шалаакылык) көрсөтүлгөн кылмыш менен айып тагат. Биз Абибилла Кудайбердиевге: “эмне үчүн вертолётторго байланышкан маселени ошондо эле көтөрүп чыкпадыңыз?” деп суроо бергенибизде, генерал төмөнкүдөй жооп берди:

– Вертолёттор афёрасы Атамбаев тарабынан колдоого алынып, Сапар Исаков тарабынан ишке ашырылып жатса, мен кантип аларга ачык каршы чыкмак элем. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү: каяша сүйлөгөн Жапаров менен Текебаевдин тагдыры эмне болду? Аталган 2 саясатчы элге кеңири таанымал болгондуктары үчүн гана тирүү калып отурат. Мени ким таанымак эле… Акүй коррупционерлери менин кылмыштуу келишимди колдобостугумду – ага кол койбостугумду билишкендиктен, мени айланып өтүп, “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кожобековго, мыйзамсыз болсо да, кол койдуруп жатышпайбы. Мен Атамбаевдин “авиазондеркомандасы” тарабынан жалаага кабылып, болбогон жерден кызматтан кетирилгендигимден кийин Сапардын жан-жөөкөрлөрү 4 вертолётту сатып жок кылуу максатында Кожобековду кайрадан “Кыргызкуралдын” башкы директорлугуна алып келишкен. Эгер мен ал келишимге кол койгонумда, азыр Сапар Исаков менен бир камерада жатмакмын…

Номанжан Аркабаев

Милициянын отставкадагы полковниги

 

Редакциядан: Бир кычкачты 600 долларга (өз баасы 2,5 миң эсе арзан) алганбыз деп, дүйнөлүк коомчулуктун эсин оодарган атактуу көз боёмочу, кечээки башбакан жана Атамбаевдин оң колу болуп келген Сапар Исаков өзү уюштурган “Сомали-Уганда” операциясын үзгүлтүккө учуратып, банкрот кылгандыгы үчүн Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевден өч алуу максатында ага каршы жалаа уюштуруп, таза, кынтыксыз кызмат кылып келген генералга асылып, куугунтукка алып, бетине көө сүрттү. Акырында Атамбаевдин “балашкасы”, турмуш өзү көрсөткөндөй, өзү казган аңга өзү түштү.

Генерал А.Кудайбердиевдин каршылыгынан улам жогорудагы 4 вертолёт Сомалиге берилбей калгандыгына карабастан, Акүй афёрасы дүйнөгө дүңгүрөп, Россиянын Мамлекеттик думасы, орустун бир катар абройлуу телеканалдары, интернет булактары Атамбаевдин ошол кездеги вертолётторго байланышкан мыйзамсыз аракеттерин катуу сындап чыгышты. Ага карабастан, Атамбаевдин бети чымырап да койгон жок. Кана эми өзү сүттөй ак болуп: орустар калп айтып жатат деп, бир ооз каяша айтканга жараса…

Кудай чоң сактаган экен… Албетте, кылмышкерлер жооп берет деңизчи. Бирок, ак жерден генералдын караланган, тепселген ариет-намысы үчүн ким жооп берет? Генерал өз эркиндигин, өмүрүн тобокелге салуу менен, Атамбаевдин, Сапар Исаковдун кезектеги мыйзамсыз бизнесине каршы чыгып, вертолётторубузду гана эмес, биринчи кезекте, мамлекетибиздин эл аралык кадыр-баркын сактап калды. Мындай таза, коррупцияга моюн сунбаган, жогору профессионалдуу, жумушсуз отурган генералды мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө максатында пайдаланууга неге болбосун? Ал өзү жаманатты болсо да, жети баштуу ажыдаарга каршы кылыч шилтеп, чыныгы мекенчилдик, генералдык касиетин көрсөттү. Президент Сооронбай Жээнбеков генерал Абибилла Кудайбердиевге окшогон тажрыйбалуу, чыныгы мекенчил инсандын бар экендигин эске алууга тийиш.

Булак: “Жаңы ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу