Атамбаев Исаковду сотко берди…

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранды. 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош салыктан  буйтаган ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган болчу. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд сом түшпөй  калаары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу  кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлкеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап көрсөтүүдө айтылган фактылар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менене текшерилип жатат. Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду  жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

БУЛАК: Жаңы Ордо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу