“АТАМБАЕВ ЖЭБ БОЮНЧА СОТТОЛОТ ДЕП ИШЕНЕМ”- АСКАР АКАЕВ

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “Московский комсомолецке” интервью берип ,анда Алмазбек Атамбаев боюнча өзүнүн пикирин дагы айтып өткөн

“Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча Алмазбек Атамбаевдин бардык жакын адамдары соттолуп жатат. Алар Атамбаевдин артында туруп ишти кылган эмес, демек, экс-ажо да жооп бериши керек. Азырынча Алмазбек Атамбаевди президенттик кол тийбестик кармап турат, бирок парламент бул маселени талкуулап жатат. Ал Кыргызстанга эбегейсиз зыянын тийгизди”

Белгилей кетсек, учурда Бишкек ЖЭБи боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана бир катар мурдагы чиновниктер айыпталып жатат. Ал эми Атамбаевдин командасы мындай кадамды саясий куугунтук катары сыпатташууда.

Ал ортодо Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу мыйзам долбоору карап жатканы да чын.

Булак: eldik media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу