АТАМБАЕВ: “ДЕПУТАТТАР МЕНИ КАРАМУШКИНАДАН КОРКТУ – ДЕП, ОЙЛОБОЙ ЭЛЕ КОЙСУН”

15 мүнөт кечиккеним үчүн кечирим сурайм. Биз менин сөзүмдүн акыркы барактарын оңдоп жатып кечигип калдым. Мындай кечиримди Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңешинин V кеңешинин катышуучуларынан сурады.

Атамбаев алгач теманын талкуулоодон мурун, сөз сурады. Ал расмий тилде сөз сүйлөрүн, ал эми залда отурган депутаттарга Карамушкинадан коркконунан орус тилинде сүйлөп жатат деп ойлобой эле койгула  деп эскертип өттү.

Бул мен үчүн өтө маанилүү жыйын. Эмнеге экенин  менин сүйлөп жаткан учурдан түшүнөсүздөр. Жыйын негизинен расимий тилде-орус тилинде өтөт. Бул жерде отурган депутаттар мени Карамушкинадан коркту деп деп ойлобой эле койсун.

Мурдагы котормочу, азыркы «чириген саясатчы» 45 мүнөт сөз сүйлөгөндөн кийин гана талкуу болорун кошумчалады.

Мен мурда котормочу болгом, азыр «чириген саясатчы» катары мен орус тилинде сүйлөөнү туура деп эсептейм жана 45 мүнөт сүйлөйм, туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Мындан кийин талкууга өтөбүз-деди Атамбаев.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу