Атамбаев Гоага учат, ал жакта да бизнеси барбы?

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка таянсак, экс-ажо Алмазбек Атамбаев 11-январда Индиянын эс алуу аймагы катары саналган Гоага учат. Аны дүйнөдөгү кызмат көрсөтүүсү боюнча эң кымбат, реактивдүү Челенджер учагы аталган аймакка жеткирет дешет. Сан Маринодо катталган бул учак Бишкек-Гоа-Гоа- Бишкек каттамы боюнча буюртма алганы да кабарланды. Жеке самолет менен учуу, болгондо да кызмат баасы асман чапчыган учак менен каттоо бери дегенде миллионду чапчыйт. Ошондо АША мынча акчаны өзү мамлекетти башкарып турганда элден тоногон каражаттан төлөйбү же «досторум төлөдү» дейби? Ал буга чейин «Менин олигарх досторум көп, алар жардам берди» деген сөздү өтө көп айтып келбеди беле? Ошол сыяктуу бул ирет да анын жеке самолетто учуусун ошол олигарх достору каржылайбы? Эгерде ошондой болсо, анда ал досторунун кызмат көрсөтүүсүнө кандай «ыраазычылык» билдирет? Атамбаев президент кезинде да тез-тезден Гоага учуп барып келип турчу эле. «Кыска мөөнөттөгү эс алуу алды» деп анын маалыматчылары билдирүү таратчу, ал эми Атамбаев өзү Гоага учуп кетчү.  Мына ушундан улам, «Эмнеге эле ал тез-тезден Гоага каттай берчү? Бүгүн да коомчулукта неге Атамбаев ал жакка барып атат?» деген мыйзам ченемдүү суроо жаралууда. Балким, анын ал жакта бизнестери болуп жүрбөсүн?  Айтор, суроолор арбын.

Андыктан, биз эми АШАнын Гоада кандай кызыкчылыгы бар экенин иликтөөгө алууну туура көрдүк. Балким, анын алты жылдыгында Кыргызстандын тышкы карызы эмнеге эки эсеге көтөрүлүп кеткенинин сыры ошол жактан ачылып калышы мүмкүн, — деп жазат Инсайдер.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу