«Атамбаев бийликке келгенде дөөпөрөс шопур, жансакчыларына кызмат берет да, оппозицияда калганда бизге кызыгат…»

— Адил, КСДПнын саясый кеңешине кирүү менен коомдук процесстерге карата көз карашыңда өзгөрүүлөр болдубу? — Мен 2004-жылдан бери КСДПдамын. 2010-жылдан баштап партия жана анын лидери, социал-демократиянын идеяларынан кыйла эле тайган, ошондуктан, мен дагы аларга карата көп сын-пикиримди айтып келген болчумун. Атамбаев өзү 30 жылдан бери активдүү түрдө саясатта.

Бийликте жүргөндө тилалчаак, акчаны жакшы көргөн жаш балдар же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип коёт да, оппозициядагы оор убактарда өзнүө каяша айта алган, «оор калибрдеги» салмагы бар саясатчылар менен эсептешип, саясый блок түзүугө умтулат. Азыркы кыйын абалда ал акыркы сценарий менен барууга мажбур болуп жатат.

КСДП азыр бийликке карата ачык оппозициядагы альтернативалык күч. Ошону менен бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт кое алат. Ошондуктан азыркы саясый процессте КСДПнын ишмердүүлүгү абдан маанилүү. Буюрса биздин алдыбызда 2020-жылы парламенттик шайлоодо биринчиликке жетип, жаңы, таза өкмөттү түзүү. Ошого мен өзүмдүн салымымды кошо берем. — Атамбаевдин тарапташтары Исаков, Кулматов, Ибраимов жана башкалардын соттук процесси жабык өтө берсе, аларды да «саясый туткун» деп чыкпайбызбы? Ушул жагынан соттук иштерге байкоочу катары жүрөсүң го?.. — Так кесе «саясый куугунтук» деп айтууга бул жерде азырынча негиз жок, анткени, булар абактагы аткаминерлер, Атамбаевге жакын чоролору болгондон башка, азыркы бийликке акаарат айтып, сын-пикирин бир да жолу билдиришкен эмес. Бирок, алар катышкан соттук процесске журналисттерди киргизбей жаткандыгы жана жабык өткөнү — саясый бир өңүттө басымдын белгиси. — Текебаев, Жапаров жана Чотоновду колдоо митинги-не 23-апрелде барат турбай-сыңбы? Муну ошондо КСДП-нын төрагасы Атамбаевдин да тымызьш колдоосу катары түшүнсөк болобу?.. — Жок, андай эмес. Ал митингге катышуу — бул менин атуулдук парзым.

Булак: Асланбек Сартбаев, АзияNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу