Атамбаев ачуусуна чыдабай оюна келгенди оттоп баштады…

«Чычып алган колун аябайт»-деген сөз дал ушул Атамбаевге жарашып турат. Ал, президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин деле кийинки келген ажону башкарып отура берем деп ойлогон. Анын тилеги орундалбай, президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн саясатын жүргүзө баштады.

Мындайга чыдабаган Алмазбек Атамбаев көп жолу Жээнбековдун дарегине кемсинткен төмөн сөздөрдү айтты.

Бирок, ажо анын чалды-куйду сөздөрүнө жооп берген жок. Тек гана теңелбей, өзүнүн жолу менен кетип жатат.

Эми, кечээ Форумда «Жээнбеков үйгө келип, экөөбүз ичтик»-деп дөөрүдү. Раиса аялы күбө өтө турганын айтты. Раиса менен Атамбаев каралоо максатында деле атайын айтып коюшу мүмкүн. Сооронбай Жээнбековдун арак ичип, мас болуп калганын эл көргөн эмес. Ошондуктан Атамбаевдин айтканы ачуусунан чыккан таарынычы, жалаасы. Анын үстүнө жаз келип, жер көөп жатат. Атамбаевдин дагы эл оозундай айтылып жүргөн «оорусу» козголуп мээсине тээп жатса керек да. Ал канча актанып ушак айтса деле, эл эч качан ишенбейт. Атамбаевди го билебиз, мас болуп алып көп жолу эл алдына чыккан. Эмне дебесин, Атамбаев тарыхта «оозуна келгенди оттогон» президент катары калат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу