Атамбаев ай талаада жалгыз калабы?

Кыргызстанда жер аферасы менен шугулданган шылуундардын мыйзамсыз аракеттери оголе көп. Маселен, учурда КСДПнын катчылыгын жетектеп жаткан Т.Усубалиевдин ошондой мыйзамсыз иштер менен шугулданып жүргөнүнөн шефи А.Атамбаевдин кантип эле кабары жок болсун? Айтмакчы, экс-ажонун А.Ибраимов, С.Исаков, К.Кулматов өӊдүү ишенген кадрларынын коррупциялык иштеринин бети ачылып, учурда камакта жатышат. Жарымы ошентип камакта жатса, калган теӊ жарымы “Айтсак Атамбаев бизди укпай койгон” деп кол шилтеп басып кетишти.

Депутат Р.Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде “Атамбаев ажо болуп турган кезинде Икрам менен Фариддин кылып жаткан былыктарын айтсам, ишенбей каткырып күлүп койгон. Көрсө реалдуулуктан алыстап кеткен тура. Экөөбүз кыйкырышып урушканга чейин барганбыз” деген таризде агынан жарылды.

Айтор азыр А.Атамбаевдин айланасында көзгө басаар кишиси калбай, атка жеңил тайга чак кол балдары менен гана калды окшойт. Кечээ жакындан бери КСДПнын катчылыгын жетектеп жаткан Т.Усубалиев так ошол атка жеңил, тайга чак дегендердин катарын толуктайт. Айтмакчы Т.Усубалиев КСДПнын парламенттик фракциясынын катчылыгын башкарып, өкмөткө парламенттик көзөмөл жүргүзүүдө үлкөн роль аткарып келген.

Аткарганы курусун, өзүнүн кызматтык абалын жана байланыштарын пайдаланып жер аферасына байланышкан иштерин будамайлап келгендиги ачыкка чыгып жатат. Маселен, Сокулук райондук ИИБде Т.Усубалиевдин  жер аферасына байланыштуу иштери каралып жатат. Акчасын алдаткан жарандар Т.Усубалиевдин шылуундук иштерин териштирип, чара көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине кайрылышкан.

Мындан улам А.Атамбаев айланасына жалаң колу туткактарды чогултуп алганбы деген ой жаралат экен. Эгерде Т.Усубалиевдин шылуундугу же дагы башка кыңыр иштери далилденип кала турган болсо, ИИМ кантип эле көз жумуп койсун? Катуу чара көрүлөөрү турган иш. Кокус андай болсо, анда эле А.Атамбаев ай талаада такыр жалгыз калабы?

Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу