Атамбаевди Москвага ким алып кетет?

Атамбаевдин айланасындагы маселелер башка нукка бурулуп жаткандай өңдөнөт. Анткени жакынкы күндөрү Жээнбеков менен Путин Москвадагы жолугушуусу учурунда Атамбаевдин маселеси каралган сыяктуу. Атамбаевди Москвага чакыртып алат деген маалыматтар тарап кетти. Мунун чын бышыгын териштирген деле эч ким жок. Кетет деген маалыматтарга таянсак, Москвадагы досторунун бири Бельяминов атайын самолёт жөнөтөт имиш. Эгерде чындап эле маселе ошол өңүттө чечилсе аны биздин коомчулук кандай кабыл алат? Алардын бир тарабы кетсе кетсин элге тынчтык керек десе, экинчи тарабы эмне үчүн кылган иштерне жооп бербей чыгып кетиши керек деген ойду кескин билдирүүдө. Эми биздин коомчулукка көп деле күтүп кереги жок. Ашып барса бир жума же он күндүн аралыгында чын бышыгы ачыкка чыгат. Бирок ошондой болгон күндө да, экс- ажонун тегерегиндеги чуулгандуу окуяларга биротоло чекит коюулабы жокпу белгисиз бойдон калууда.

Булак:Аргумент. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу