Атамбаевди азыр деле жоопкерчиликке тартса болобу?

Коомчулукта аракетте болсунбу же экске айланганыбы, айтор, жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктердин кимиси болбосун, эгер кандайдыр бир кылмышка катыштыгы болсо, анда ал мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин талап кылуулар, ошондой кадамдарды күткөндөр арбып баратат. Биринчи кезекте, экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу жөнүндө пикир басымдуулук кылып баратканын жашыруу да кыйын. Анткени, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун, Улуттук тарых музейин реконструкциялоонун, Дача СУдагы авиакырсыктын, “Дастан” ЖАКсынын жерлерин сатып, жаңы жабдууларды сатып алуунун, Балыкчы-Корумду автожолун реабилитациялоонун, дагы башка ж.б.у.с. ишке ашырылган ири долбоорлордун айланасындагы адамдын үрөйүн учурган ири көлөмдөгү коррупциялык жаңжалдар өлкөбүздүн жарандарын ушундай ойлорго түртүүдө. Ага Жогорку Кеңеш да саясый, психологиялык жактан даяр болуп калгандыгын депутат Исхак Масалиевдин сунушу айкындады. Анын экс-президент Алмаз Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү сунушуна ачык эч ким каршы болгон жок.

Кыргыз Республикасынын аракеттеги Башмыйзамынын 16-беренесинин 3-пунктунда “Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей” деп так жазылып турат. Демек, мамлекетке, элге жүздөгөн миллион долларлык зыян келтирген, аракеттеги ондогон мыйзамдарды эң одоно түрдө бузган жогоруда аталган жана аталбай калган долбоорлорго байланышкан коррупциялык көрүнүштөр үчүн аларга жөнөкөй аткаруучу болгондор гана эмес, ал долбоорлор боюнча саясый чечимдерди кабыл алып, камакта жаткан жана камала элек фигуранттардын артында турган экс-президент Алмаз Атамбаев да керт башы менен жооп бериши керек. Андай болбой турган болсо Башмыйзамдын 16-беренесинин 3-пунктунун аягына кашаага алып туруп, “бул айтылгандар экс-президенттерге таркатылбайт” деген сөздөрдү кошуп коюу зарыл. Анткени, биздеги экс-президенттерди коргоого багытталган 2003- жылы кабыл алынган “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзамдын 11-12-беренелеринде экс-президент кол тийбестикке ээ экендиги, ал президенттик ыйгарымдарын аткаруу учурундагы иш аракеттери жана аракетсиздиги үчүн жооп бербей тургандыгы жазылган. Кол тийбестик ага гана эмес, турак-жайына, кызматтык жайларына, транспорттук жана байланыш каражаттарына, архивине, эпистолярдык мурастарына, документтерине да таркатылат, экс-президенттин үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен багылат. Убагында ал мыйзамды биринчи качкын президент А.Акаев өзүнө ылайыкташтырып кабыл алдырган менен кийин ал расмий түрдө жокко чыгарылган эмес, Ал 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Башмыйзамга ачык эле каршы келет. Демек, парламент жайкы каникулдан келгенден кийин ал мыйзамды жокко чыгарып, экс-президенттерге карата укуктук чараларды көрүүдө Башмыйзамдын 16-беренеси гана жетекчиликке алына тургандыгын ырастап коюулары керек.

Адилет, таза, калыс иштеп, жаман нерселерге аралашпаган жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктерге кол тийбестиктин зарылчылыгы деле жок. Ал эми таза, калыс иштебегендер, кимиси болбосун кол тийбестикке жамынып, укуктук жоопкерчиликтен кутулуп кетпөөлөрү керек. “Мыйзам алдында баары бирдей” деген норма сөз жүзүндө эле калбастан, иш жүзүндө жүзөгө ашырылуусу зарыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу