Атамбаевдин өз билемдик бийлиги орнодубу?

Аида Салянова, ЖК Депутаты.

Текебаевдин камалышы Атамбаевдин өз билемдиги. Бүгүн өлкөдөгү мыйзамдар жеке бийликтин тепсендисинде калды. Болбосо мыйзам иштеген өлкөдө адамга иш козгоо, айып тагуу кылдат жана татаал процедураларга таянат. Анткени адамдын тагдыры оюнчук эмес. Убал-сооптон коркуш керек. Тилекке каршы, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарына, саясий лидери Текебаевке козголгон кылмыш иши бул тек гана саясый буйрутманын негизинде козголгон иш. Буга чейин тергөө органы бир да далилди келтире алган жок. Анын кармалышы, камалышы, сот процестеринин жүрүшү укукка эмес, бир гана Атамбаевдин өз билемдигине таянды. Жеке кызыкчылыктын айынан канчалаган прокурор, сот, тергөөчүлөрдү мыйзамсыз иштерге түртүп жатышат. 

-Убактылуу Өкмөт мүчөсү болуп турганда Текебаевдин компетенциясына бир гана конституциялык реформаны даярдоо кирген, мүлккө тиешелүү маселелер кирген эмес. Бул тек гана саясий репрессия! А саясий репрессия эч качан мыйзамдуу болбойт.

Аликбек Жекшенкулов, Коомдук ишмер.

-Өмүрбек Чиркешовичти ар-дайым өзүн таза алып жүргөн инсан катары тааныйм. Ал саясый буйрутма менен жалган жалаанын негизинде камалганы байкалып турат, чет мамлекеттин жаранынын көрсөтмөсүнө таянып, эң күчтүү, таасирлүү, эмгек сиңирген саясатчыны камашканы акылга сыйбас. Маевский ким, Текебаев ким? Кимисинин сөзүнө эл ишенээрин убакыт көрсөтөт. 

Медеткан Шеримкулов, легендарлуу парламенттин Спикери.

-Мен УКМК тарабынан Текебаевдин камалышы боюнча мындай оюмду айткым келет: Биринчиден, Текебаев самалеттон түшөөр замат опурталдуу кылмышкердей кылып кармашып, УКМКга камап койгондун кереги жок болчу. Бул бийликке сөз тийгизгендик. Элдин кыжырын келтирип, бийликке каршы пикир түзүп жатат. Кимиси болбосун, прокуратура, УКМК болобу, мунун баары туура эмес кадам. Текебаев самолётко түшүп качып бара жаткан жеринен колго түшсө бир-жөн эле. Тескерисинче, Кыргызстанга келгенде, аеропорттон кармап алуу абдан  туура эмес. Мына ушул нерсе элдин кыжырын кайнатып, нааразычылыкты күчөттү. Ким болбосун, бул биздин мамлекеттеги тынчтыкка, стабилдүүлүккө тийгизген зыяны.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу