Атамбаевдин Өзбекстанга сапарында чек ара документтерине кол коюлат

Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары маалында чек ара документтерине кол коюлат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтуусунда, мындан тышкары ишкерлик боюнча дагы бир катар документтерге кол коюлат.

Субакожоеванын маалыматы боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу 40 чакырымы боюнча маселе чечилди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат.

2-октябрда Атамбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койгон. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда.

Өткөн айдын башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Анын сапарынан соң ортодогу бир катар чек ара бекеттери ачылды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу