Атамбаевдин эркеталтаңы – Кубанычбек Кулматов…

Президент А. Атамбаевдин айрым “сүймөнчүк” кадрлары бар. Алар иштей албаса деле, ал тургай коррупцияга аралашса деле жоопко тартылмак тургай, кайра улам бир майлуу кызматтан башкасына кjторулуп, “күндүк өмүрүндө жорго минип” келатышат. Керек болсо “эч нерсе таба албайсынар”,- деп чындыкты айткан журналисттерди жекирип коёт. Мына ошондой эркеталтаң кадрлардын бири Кубанычбек Кулматов.

Ал Бишкек мэри болуп туруп ансыз деле жедеп бүткөн баш калаанын ого бетер ашмалтайын чыгарган “кызматы” үчүн Кыргыз-Opyс өнуктүрүү фондунун жетекчилигине көтөрүлүп, майлуу кызматын жайлуу кызматка айырбаштаган болчу. Уккан кулагыбызга ишенсек, бир кезде К. Кулматовдун атасы Союздук деңгээлде иштеп туруп ал кездеги жаш А. Атамбаевди колдогон экен. Мына, “атаң барда эл тааны”,- деген ушул экен. Эми президенттин ишаарасы менен “башына күн тийген” Кубанычбек байкени 14-сентябрда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын башчылыгына шайлады. Эми бул кызматка президент өзү сунуш кылып жатса, депутаттарын колдоп бербей, өлалбай жүрүппү. Айтайын дегенибиз, мөөнөтү бүтүп жатканда А. Атамбаев үчүн Башкы банкты көзөмөлдөөнү көздөй кишиге ишенип берүү өтө маанилүү болуп жаткан окшойт…

Булак: Майдан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу