Атамбаевдин чындыкка коошпогон сөздөрүнө эл тоюп бүттү…

“Кеп ошондо” программасында журналист Нарын Айып мындан 17 жыл мурда болгон Аксы окуясынын хронологиясына токтолуп, бул окуяда Бекназаровдун орду, аны коргоо кыймылы, аны колдогон Аксы элине карата бийликтин ок атуусу, ачкачылык акциясы, каза болгондор, соттук өкүм, акталуусу жана Акаевдик бийликке каршы толкундоолор, Бишкек жана Жалал-Абаддагы митингдер тууралуу маалымат берди. Бул окуяга салыштырып Өмүрбек Текебаевдин Атамбаевге импичмет жарыялагандан кийин Атамбаевдин бийлигинин басымы, камалуусу, 8 жылга кесилүүсү да кошо берилди. Бирок Атамбаевдин бийлиги учурунда элдин адилеттикке жана демократияга коомчулуктун маанайы сууп калганын билдирди. Акаевдин бийлигине каршы элдик толкундоолор 2002-жылдын аягында гана тынчый баштаган. Ошол учурдагы элдик толкундоолордо же Бишкектеги акцияларда же бир митингде Алмазбек Атамбаев катышып, бийликке каршы сын айтыптыр деген кабар чыккан эмес. 2019-жылдын 17-март күнү Атамбаев өзүнүн форуму астында элди чогултуп, митинг өткөрүп, 2002-жылы Аксылыктарга биз тикеден тике туруп бергенбиз деп жарыялады. Жээнбековдор жылуу жумшак отурганда биз көтөрүлгөнбүз деген Атамбаевдин СНХ сын берди.
Минтип өзүн дагы башкаларды дагы сыйлабаган гана адам айтат. Бирок 6 жылдык президенттик учурундагы дагы андан берки бир жарым жыл ичинде Атамбаевдин чындыкка коошпогон сөздөрүнө эл тоюп бүттү. Бул адам өзү жана командасы өздөрү эмне кылса аны үчүн башкаларды күнөөлөгөнгө көнүп, анысын өнөкөткө айлантып алгандай. Атамбаев бийликте турганда өз каршылаштарын эч далилсиз каматып, аларды мазактап Президенттик кызматтын баркын түшүрдү. Ага чейин ал бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп берем деп оппозиция деген түшүнүктүн баркын кетирген. Социал-демократия деген түшүнүктү да анын партиясы жок кылып салды жана бул адамдын колу эмнеге тийсе анын мааниси өзгөрөт экен- деп билдирди программада.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу