Атамбаевдин саясатка кайта турган жолу жана акыркы “аялдамасы”: темир торбу?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктарына 1 жылдан ашыгыраак убакыт калганда эле «Мен эски саясатчыларды өзүм менен кошо ала кетем» деген сөздү кайра-кайра кайталап калган. Ырас, бул сөзүн кандайдыр бир деңгээлде аткара алды. Өзүнүн бийлигинин күчү менен бир катар оппоненттерин темир тор артына отургузуп кетти. Бир тобуна кылмыш иштерин козготуп, ары сүйрөп, бери сүйрөп, убактыларын алып отуруп, саясаттан да сүрүп чыгарып салгансыды.

Бирок, анын куугунтугуна кабылган саясатчылардын кайрадан саясатка кайтып келишине азыраак болсо да мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, аларга карата коррупция беренеси боюнча тагылган айыптар Атамбаевдин коомчулукка белгилүү болуп калган коррупциялык иш-аракеттеринин жанында шоона эшпей калды.

Өзүнүн артында миллиондогон (доллар менен) суммадагы коррупциялык иш-аракеттери бар экенин билген соң А. Атамбаев “өзү менен кошо ала кете турган” саясатчылардын катарында эле үн-сөзү жок саясаттан биротоло кетсе болмок. Бирок, ал эски адатынча эле учурдагы мамлекет башчысын да башкарып алам деп ойлоду окшойт. Бирок, андай аракетин катуу кагуу жеди.

Эми анын кайрадан саясатка кайтып бара турган жолу дагы түрмө, ал жолунун акыркы “аялдамасы” да түрмө боло турган өңдөнүп калды.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу