Атамбаевдин күйөө баласы Кызыл Жарым Ай коомун бүлүнтүүдөбү?

Социалдык түйүндөрдө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Алмаз Чолпонкулов жана анын Кызыл Жарым Ай коомун “тейлеген” мандемдүу ишмердиктери тууралуу маалымат таркады. Пост орус тилинде болгондуктан, анын мазмунун максималдуу сактоо менен кыргызчалап сунуштайбыз.

“Атамбаевдин күйөө баласы Кызыл Жарым Ай коомун талкалоодо

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Алмаз Чолпонкулов Кызыл Жарым Ай коомун рейдерлик жол менен басып алып, ал жерде чектен чыккан жосундарды жасап жатканы белгилүү болду. Алмаз Чолпонкуловдун көзүн 5 млн доллар кызартууда – бул уюмдун бюджети. Алгач өз кишиси, коомдун башкармалыгынын мүчөсү Чынгыз Жакыпов аркылуу уюмдун мурунку жетекчиси Рустам Алеевди мажбурлап кызматынан кетирген. Директорду кызматынан кетирүүгө Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Болот Сүйүнбаевдин жубайы Айдай Арстанбекова жардам берген. Ал Кызыл Жарым Айдын башкармалыгында каржы боюнча мүчөсү болуп иштейт. Аракеттеги бардык эрежелер менен процедураларга карабай бул экөө Чынгыз Жакыповду Башкы директор кызматына бекитишкен. Чынгыз Жакыпов эки кызматты аткарып калган – Башкармалыктын мүчөсү жана Башкы директор болуп. Юридикалык жактан бул туура эмес жана уюмдун уставында да мындай жобо каралган эмес. Кызматтык орунга сынак өткөрүлгөн эмес, бекитилген ички поцедуралар сакталбаган.

Көптөгөн документтер Жакыпов тарабынан өзүнө ыңгайлаштырып жасалган. Бирок, бардык документтердин алгачкы версиясы уюмдун кызматкерлеринде бар.

Чынгыз өзүнүн бардык кыймыл-аракетин Алмаз Чолпонкулов менен телефон аркылуу макулдашып турат жана иш жүзүндө Кызыл Жарым Айды ким башкараары түшүнүктүү эле. Чынгыз Жакыпов кудуреттүү Алмаздын бир коңгуроосу менен маанилүү жыйындардан да чыгып кете берет. Анын “Да, Алмаз байке, албетте жасайм, сиздин бир сөзүңүз” деген негизги фразасы баарына жат болуп калган.

Чынгыз Алмаз Чолпонкуловго кез-кези менен жолдугун жасап тураары белгилүү. Уюмдун кызматкерлери өз жетекчисинин аны менен телефондон сүйлөшүп, Алмаз байкеге акча алып бара жатканын айтканына күбө болушкан.

Ал акчаны кайдан алат? Албетте Кызыл Жарым Айдын кассасынан. Эмне сатып албасын, абдан жогору баада сатып алат же жөн гана банктан накталап алат.

Уюмдун бардык иш-чаралары Чынгызга тийиштүү “Три Короны” отелинде өтөт. Өткөрүлгөн жолугушуулар үчүн ири суммадагы каражаттар сарпталат. Ошондой эле, эки башка донордон каражат алып, бирөөсүнүн эле каражатына минималдык чыгым менен иш-чара өткөрүп, отчетун экөөнө тең жөнөтөт. Кышында аз камсыз болгондорго көмүр сатып берүү учурунда өздөрүнө белгилүү бир пайызын алып калган схеманы иштеткен. Ушундай эле схема орозо маалында жардыларга эт таратууда да колдонулган. Коомдун бардык басма продукциялары анын досунан жогору баада басылат, жуучу каражаттар да жогорулатылган баа менен башка бир досунан сатылып алынат. Мындай картина бардык сатып алууларда жасалат. Бардык тендердик документтер жасалма.

Уюмга түшүнүксүз булактардан акчалар түшүп, андан ары кандайдыр бир кайрымдуулук иш-чараларын өткөргөн сыяктанып накталап алынат. Облустук өкүлчүлүктөр аркылуу акча жуулат. Учурда араб мамлекеттеринен транш күтүлүп жатканы белгилүү. Ал акчаларды таарып кесүү алда качан эле пландаштырып коюлган. Чынгыз муну шефи Алмаз байке менен телефон аркылуу талкуулаган.

Мурдараак бир нече кызматкерлер “рустамчылар” деген формулировка менен кызматтан бошотулган. Чынгызды уюмга так ошол Рустам алып келгенин жана алар классташ экендигин эске алганда, мунун баары орой жана күлкүлүү тамашадай көрүнөт.

Мындай ойлонулбаган жана таптакыр мыйзамсыз иштери менен атамбаевдик чөйрө Кызыл Жарым Айды биротоло бүлүндүрүп, бириндетип сатып жиберет же түшүнүксүз каражаттарды жууган машинага айландырып алышат деген кооптонуу бар. Кызыл Жарым Ай коому жеке уюм болгону менен – эл аралык уюм эмес, анын түзүүчүсү кыргыз мамлекети болуп эсептелет. Кызыл Жарым Ай жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекет анын ишмердигин жөнгө сала алат. Кеч боло элегинде көңүл бургула”, — деп жазылган маалыматтык постто.

Жогорудагы маалыматтардын чын-төгүнүн териштирүү бир топ убакытты талап кылгандыктан, азырынча өзүбүз тараптан эч нерсе айта албайбыз. Маалыматтагы фактыларды тастыктоо же төгүндөө Кызыл Жарым Ай коомун, Алмаз Чолпонкулов жана укук коргоо органдары тарабынан жасалат деген үмүттөбүз.

Алмаз Чолпонкулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Ачык булактарга таянсак, 49 жаштагы Алмаз Аскербекович “Халык Банк Кыргызстан” банкында Башкармалыгынын төрагасынын орун басары катары иштеп келет. Кайын атасынын бийлиги тушунда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын мүчөлүгүнө да бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу