Атамбаевдин коопсуздугу коркунучта…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу коркунучта экенин Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан-социал демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова «Азаттыктын» 2X1 берүүсүндагу маегинде билдирди. Ал экс-президент өзүнүн үйүндө жашап жатканын, анын жеке жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалганын мисал келтирди. Ал бул туурасында: “Эң негизгиси Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу болуп жатат. Коопсуздугуна физикалык жактан коркунуч жаралууда. Мыйзамда «коопсуздугун камсыз кылыш керек» деп бекитилген. Көбү азыр «коркуп кетти, экс-президент макамынан ажырагысы келген жок» деп айтып жатышат. Ал өзүнүн үйүндө жашап жатат. Ошондуктан азыр негизгиси анын коопсуздугу болуп жатат” — деп билдирди.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу