Атамбаевдин “кол тийбестиги” алынып, кеч күздө камалышы мүмкүн

Ар кайсыл ири мекемелерде, ири объекттерде ашкереленген коррупциялык иштердин учугу экс-президентке барып такалып жаткандыгын, бирок ага келгенде укук коргоо органдары чечкиндүү кадамдарга бара албай жатышкандыгын коомчулук көрүп турат. Буга болсо АШАнын “кол тийбестик” макамы тоскоол болуп жатканы жашыруун эмес. Бирок бизге жеткен айрым маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан келишкенден кийин экс-президенттин кол тийбестигин алып ташташса, анан коррупциялык айрым жаңжалдар боюнча суракка чакырылып, адатынча кежирлигин көрсөтсө, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилиши толук мүмкүн экен. Бирок ага чейин АША И.Илмиянов менен А.Шадиевге окшоп чет өлкөлөрдүн бирине качып кетпес болду бекен? Ал Бириккен Араб Эмираттарынан кыймылсыз мүлк сатып алган деген да такталбаган маалыматтар бар. Мүмүкүн ошол жакты мелжип жаткандыр. Бирок, АШАны качырбаш керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу