Атамбаевдин кол тийбестигин алуу мыйзамсыз

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партия сынын төрагасы Адахан Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу баш мыйзамга каршы келээрин жана мыйзамсыз экенин билдирди. Бул туурасында: “2017-жылы декабрь айында «абдан залкар, ак эмгек, адал кызматыңыз, көрөгөчтүгүңүз  үчүн» деп айтылып жатканда залда өкүртө кол чабылып, «туура, бул киши баатыр болушу» керек дешкен. Зал толо Жогорку Кеңеш, элитанын баары отурган. Бүгүн ошолор «кама» деп кол чаап жатышат. Юридикалык эмес, адамгерчилик жагын айтканда да бул жигитчилик эмес. Ошол кезде Мадумаров «Шайлоо мыйзамсыз өттү, коррупция түп тамырына чейин батты» — деп айтып жатпадыбы? «Баш мыйзам боюнча, президенттин макамы боюнча мыйзамды артка иштетебиз десе бүгүнкү бийликтин арамзаалыгы болот» — деп агынан жарылды.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу