Атамбаевдин катасын Жээнбеков оңдоого киришти…

Атамбаевдин бийлигинин учурунда абактар саясий куугунтуктун курмандыктарына толуп кеткен. Бийликке каяша айткандын баарын жасалма иш токуп, темир торго олтургуза берген, максаты – бийликке каршы сөз сүйлөгөндөргө: “эгер бир сөз каяша айтсаң, сени ушундай тагдыр күтүп турат” – деген ишаратты билдирүү.

Экс-президенттин эмнеден улам өз каршылаштарына мындай катаал чара көрүүгө өткөндүгүнүн себептери мына бүгүн билине баштады. Көрсө, ошол абакка түшкөн мекенчил саясатчылар атамбаевдик бийликтин убагындагы коррупция тууралуу акыйкат сөзүн айтышкан экен. Ошол кылмышын жашырып, “эл билип калбасын” – деп ооз ачкандын баарын эле камай берген экен да…

Бийлик алмашкандан кийин элде “саясий туткундарын маселеси чечилет го” деген үмүт пайда болгон. Анын үстүнө, С.Жээнбеков АШАнын тушунда жемкорлук кылган жеп-жутарларды четинен каматып баштаган. Кайырмакка экс-президент АША деп илинерине аз калды эле. Бул жагдайдан улам саясий туткундар маселесинин бир өңүттөн чечилишине көз жетип калган.

С. Жээнбеков өзү: “Мен сотторго кийлигише албайм, андай болсо мурункулардан эмне айырмам болот?” – деп айткан. Бирок, соттордон адилеттүүлүктү талап кылган. Туура эмес чечим кабыл алышса, жазасын аларын катуу айтты эле. Мына ошол туура саясаттын негизинде соттор да өздөрүн экин сезишип, мына эми саясий туткундар боюнча туура чечим кабыл алууга өтүштү.

Биринчи эле жаңылык – “Элдик парламент” саясий бирикменин лидери Бекболот Талгарбековдун төңкөрүш даярдоо, мамлекеттик бийликти кулатууга аракеттенүүсү боюнча атамбаевдик бийликтин жасалма токуган кылмыш иши боюнча толук акталышы болду. Бул абдан туура таразаланган чечим. Анткени, Талгарбековдун айткандары, анын: “АША – миң жылда бир келген кырсык!” – деген сөздөрү өз далилин таппадыбы. Туура кеп үчүн акыйкатсыз абакта олтуруп калганы бешиктеги балага да дайын болчу. Жээнбековдун туура саясатынын натыйжасында Талгарбековдун акталып чыккандыгы – Кудай алдында чоң жеңиш. Атамбаев ойдон чыгарып козготкон экинчи экстремизм боюнча кылмыш иши боюнча Б. Талгарбековго 5 жыл өлчөнгөн. Анын 4.5 жылын өтөдү. Соттор, бийлик дагы бир эрдик кылып, калган жарым жылын да азайтып, УДО менен чыгарып жиберишсе эл алдында чоң иш кылышат эле…

Экинчи жаңылык – Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго да шарттуу түрдө бошотуу боюнча соттун чечими чыкты. Бул эки эр азамат да Атамбаев бийлигинин курмандыгы болгон. Мурунку бийликтин кылмыштуу саясатын айыптап, коркпостон, ачык айтып жүрүшкөн. Алардын бошотулушу да эң туура кадам болду.

Ошентип, Жээнбеков сотторго түз буйрук бербесе да, анын сотторго өз алдынча, эч кимге баш ийбей, көз карандысыз чечим кабыл алууга түзгөн шарты менен саясий туткундар четинен арабызга кошула баштады. Президент бул туура кадамдары менен АШАнын каталарын оңдоп жатат. Эми калган саясий туткундар боюнча да соттор ишти калыс териштирип чечет деп ойлойбуз.

Булак: Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу