Атамбаевдин зомбулугу дале улантылууда…

15-феваралда Ленин райондук соту АШАнын доорунда кабылган укуктук зомбулуктан улам 25 жылга ак жеринен укугунан ажыратылып, айыкпас дартка чалдыккан мурдакы ички иштер министри Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндөгү 47-колониянын жетекчилигинин сунушун аталган райсот четке каккан болчу..

Коомчулукка белгилүү болгондой, Ленин райондук соту М. Суталиновдун ден соолугу боюнча окумуштуу-дарыгерлерди сотко чакырып, алар койгон диагноз боюнча пикирлерин сурап,соттолгондун пайдасына тийиштүү көрсөтмөлөрдү алган болчу.Окумуштуу-врачтардын жогору квалификациялуу көрсөтмөлөрү иштин материалдарында тиркелүү тургандыгына карабастан, 20-март күнү Бишкек шаардык сотто Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия бөйрөктөн шыйрак чыгарып дегендей, доктурларды кайра суроонун зарылчылыгы болбосо да, М. Суталиновду, анын ата-энесин, бала-чакасын, ага тилектеш болуп, убаракерчилик тартып сотко келгендерди какшатып, негизсиз жерден ак халатчандарды кайрадан соттолгондун диагнозун тактоо үчүн чакырып, суракка алуу зарылчылыгына шилтеп, сот отурумун 9-апрелге жылдырды.

Кошумча айтып кететурган нерсе Чүйдүн жоон топ аксакалдары кол койгон Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу жаза мөөнөтүнөн эрте бошотуу жөнүндөгү кайрылууну адвокаттар сотко тапшырышты.

Айласы кетип, аргасы түгөнгөн сот залында отурган коомчулуктун өкүлдөрү соттун жогорудагыдай негизсиз, мыйзамсыз чечимин нааразылык жана каргыш жаадыруу менен кабыл алышты. Залдан:»Суталиновдун ордуна 5 миллион доллары бар Батукаев болгондо силер да токтоосуз бошотуп жиберет болчусуңар сатылган акмактар!..» деп кыйкыргандар болду.

Сот отурумуна ооруп тургандыгына карабастан, Мурат Суталиновдун атасы, милициянын генерал-майору, аксакал Абдыбек Суталинов дз катышты. 80 жаштагы апасы, милициянын отставкадагы полковниги Канапия Суранбаева көп жылдардан бери уулуна карата жасалган укуктук зомбулуктун айынан катуу дартка кабылып, оор акыбалда ИИМдин госпиталында жатат.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу