Атамбаевдин жанында жалгыз эле Алга Кылычов калдыбы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында “илибой” темада эксперт болуп, анализдеп жиберүүчү бир нече серепчилер пайда болуп, дээрлик алты жыл бою көзү ачыктык кылып келишкен. Алардын катарын  Алга Кылычов толуктап турган.  Ал кайсыл жерде бийликти сындап койсо, ошол жерде дайыма даяр боло калып, оппозициячылдарга агынан жарылып: “Биз деген тынчтыкты калыбына келтиргенбиз, силер аны бузганы атасыңар, силер эл душманысыңар” деп эле чыга калчу.

Алга Кылычев кечээ, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык сектордун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу боюнча жергиликтүү ММКлардын бирине маек бериптир. Албетте, ал маеги А. Атамбаевдин  маалымат технологу Ф. Ниязов тарабынан даярдалып, анан гана А. Кылычовдун оозу менен айтылганы билинип турат.

Ал президент менен жолугушууга келген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн жана жарандык активисттерди А. Акаевдин жана К. Бакиевдин маалында кызматтарда турушкан, алардын айткандарын эки кылышпагандар деп сүрөттөгөн. Бирок, эмнегедир Алга мырза ошол эле К.Бакиевдин уулу Максимчиктин жанынан карыш жылбай жүргөн Сапар Исаковду унутуп калгансыйт. Ошол эле экс-президент А. Атамбаев деле убагында оппозициячыл санаалаштарын сатып, К. Бакиевге премьер-министр болуп барганын айткысы келбейт. Эгерде К. Бакиевдин маалында иштегендердин баарын анын кадры деп эсептей турган болсок, анда С. Исаковду да, А. Атамбаевди да аташыбыз керек эмеспи?

Экинчиден, А. Кылычовдун берген комментарийин окуп отуруп, муну Ф. Ниязов атайылап кагазга жазып бергенин, үтүр-чекитине чейин дааналап тактап бергенин билебиз. Ошондо эми А. Атамбаевдин жанынан М. Мискенбаев да качып, жалгыз гана А. Кылычов калганбы деген ой келет. Же М. Мискенбаев менен А. Кылычовду алмак-самак “аңга” ээрчитип бараткан мергенчидей болуп атабы?

Кантсе дагы ары-бери жылбай Алга Кылычевдин Атамбаевдин жанынан жылбай туруп бергени деле эркектик. Бирок кечээги Жээнбековдун жанынан Бакиевчилер келип калды дегени жаңылыштык. Курманбек Бакиевдин эң жакын адамдары – Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков, Аалы Карашев болгон.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу