Атамбаевдин бухгалтери Сатыгул кызы садага чабылабы?

Коркутуп-үркүтуп Алмазбек Атамбаев Индияга качырып жиберген бухгалтери Надира Сатыгул кызын жөн жаткырбай, дагы кыйнап жатыптыр. «Сен штабдагы сарпталган акча боюнча эми видеокайрылуу менен чык, мен аны шылтоо кылып, дагы бир маалымат жыйын өткөрө коеюн» -деп.

Биздин баамыбызда байкуш Надира айым бул Атамбаевдин колунда башка дагы көптөгөн ага ишенген тарапташтарындай эле жөн гана курал болуп калды. Атамбаев  булардын баарын өз жеке кызыкчылыгында пайдаланып, аягында күнөөнүн баарын оодарып, «кидать» эткен адатын калтырбай койду. Буга мисал катары бир учурда «пайдаланган» бир топ саясатчыларды кийин «кидать» этип кеткендерин тизмектесек болот.

Эми ансыз деле көп жылдардан бери бир топ финансылык маселелерин оңдоп-түзөп, жаап-жашырып Атамбаевдин кызматын жан-дили менен кылып келген Надира Сатыгул кызынын аркасы менен маалымат жыйынга чыгып, дагы бир жолу өзүн актап, башкаларды боктоп, баштан аяк жугунду куйгусу келип жатат. Надира айым болсо дагы деле Атамбаевдин курмандыгы бойдон мекенден алыс жерде күн өткөрүп жатат. Канткен күндө дагы саясат үчүн баардык санаалаштарын садага чабууга даяр турган экс-президент Атамбаев аял кишини аяса болмок.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу