Атамбаевдин апыртмаларынан же Сох анклавына кыргыз тарап жер берген эмес…

2006-жылдын 13-23-сентябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кыргыз — өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезексиз отуруму болот. Анын жыйынтыгы боюнча №20-11 протокол түзүлүп, ага эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын башчылары (кыргыз тараптан С. Аламанов, өзбек тарантан А. Абдуазизов) кол коюп, бекитишкен.
Ал Протоколго ылайык, кыргыз-өзбек тарап 2006-жылга чейин макулдашкан эки мамлекеттер ортосундагы мамлекеттик чек аракын 993,67 чакырымы  юридикалык түрдө тастыкталган.
2006-жылдын 3-октябрында Кыргыз Рсспубликасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүүгө Ташкент шаарында кол коюшкан жана ошону менен аталган №20-Протокол тастыкталган.

Мына ошол тастыкталган документтин тиркемесинин баяндамасында Үңкүр-Тоо Өзбекстандын жеринде жайгашкан деп жазылган. Бирок ал жазуу Үңкур-Тоо Өзбекстанга биротоло өтүп кетти дегенди билдирбейт.
Тескерисинче, азыркы кезде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын эки тараптуу делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Кемпир-Рават, Гавасай жер тилкелери менен бирге Үңкүр-Тоо да чечиле элек маселе катары турат. Сүйлөшүүлөр уланууда.

Ошол эле №20’Протоколдо кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавын өзбек тараптын негизги территориясы менен бириктирүүгө  жер берүүдөн баш тарткан. Ошол себептен өзбек тарап мурда макулдашылган Бүргөндү массивиндеги чек аранын 17,99 чакырымын кайра чакыртып алган.
Бирок 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чск арасы жөнүндө Келишимде аталган 17,99 чакырым чек ара камтылган.

Жогоруда айтылгандын негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаев айткан Өзбекстандын Сох анклавына кыргыз тарап жер берген деген сөзү чындыкка дал келбей турганына ынандык. Жарыктык киши эриккенде «апыртып» койгон окшобойбу…

Нургазы Айтмырзаев,

Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу