Атамбаевдин абийирин ачууга Отунбаева чындап кириштиби?

Тактан түшсө да аттан түшө элек экс-президент А.Атамбаевдин партиялык-кландык башкаруусу өлкөнү өргө эмес, көргө сүйрөп бараткандыгын сезе баштаганбы же башка билгени барбы, айтор өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева Кыргызстанда азыркы башкаруучу КСДП партиясына атаандаш боло турган күч түзүү зарылдыгын айтып чыкты.

Аял болсо да мүнөзү шар, “эркекче” сүйлөгөн апчебиз саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын- талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригиши керектигин баса белгиледи. “Саясий атаандаштык бүгүн жокко эсе. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз.

2020- жылга карата кубаттуу саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз зарыл”,- деди Отунбаева маселени кабыргасынан коюп. Албетте, апченин бул демилгесин көпчүлүгүбүз эле колдойбуз деңизчи. Бирок бир кезде ал өзү А.Атамбаев менен колтукташып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болуп жүрүп КСДПны түптөп, лидерликке азыр каршы чыгып аткан адамды алып келүүгө үлкөн салым кошподу беле. Эми кимди сүрөйт болду экен?

Булак: Майдан. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу