Атайын операция учурунда Алмазбек Атамбаев кармалдыбы? УКМКнын жообу…

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалды деген маалымат жалган экенин билдирди.

УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында атайын операция жасалды деген социалдык тармактардагы жаңылыктар чындыкка дал келбейт.

«Бул маалымат коомчулукту адаштыруу үчүн таратылган. Учурда Мамлекеттик комитет кабарды жайылткандарды аныктоо үчүн аракеттерди көрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жалган маалымат тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу