Атазовдордон дагы бир палван чыкты! – (фото)

 

Спорттун “кикбоксинг” түрү боюнча дүйнөнүн бир нече чемпиону, Ош шаарынын экс-депутаты Шайлообек Атазовдун 16 жаштагы иниси Рамазан Атазов “Дзюдо” боюнча өспүрүмдөр ортосунда болуп өткөн Россия биринчилигинде коло медаль тагынды.

Ал, Россияда иштеп жашаган Шайлообек Атазовдун бир тууган агасынын уулу. Буга чейин дагы шаардык деӊгээлдеги мелдештерде, өспүрүмдөр ортосундагы биринчиликтерде ийгилик жаратып, көптөгөн медалдардын ээси болгон. Спортчулардын арасында Рамзан “Атазов младший” деген ысым менен таанымал.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу