“Атажуртчулар” Батукаевге кантип жан тартышкан?

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгып, ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча белгилүү саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер, ошонун ичинде ошол кездеги башкы прокурор болуп иштеген Аида Салянова камакка алынды. Бул иштин максаты – ошол кездеги президент Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу экендиги коомго жашыруун болбой калды. Убагында эле депутаттык комиссия ыкчам иликтеп, күнөөлүүлөрдүн фамилиясын айтып, бирок Атамбаевдин фамилиясы айтылбай калган.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев өзүнүн берген интервьюларында, билдирүүлөрүндө Батукаевдин бошошунун артында Атамбаев бар экендигин, ансыз мындай атайын жана татаал операцияны жасоо кыйын экендигин билдирип келген. Бүгүн мына ошол айтылгандар тастыкталып келе жатат.

Салянованын камалганын кээ бир адамдар кубануу менен кабыл алып, «бул тагдырдын өч алуусу, бумеранг, ушуну көрмөк» деген сөздөрдү айтып жатышат. Мындай пикир билдиргендердин арасында «Ата Журт» партиясынын кээ бир лидерлери, мурунку депутаттары да болушту. Алардын айрыкча аял кишинин башына оор күн түшкөндө жыргап табалашканы коомчулукта сынга да кабылды.

«Атажуртчулардын» Саляновага күндөштөй өчөшүп алышканынын анык себеби деле белгисиз. Аларга кылмыш ишин козгогон Салянова эмес, ал иш сапарда жүргөндө анын орун басары козгогон экен. Муну «атажуртчулар» өздөрү айтып жатышат. Айтор, кылмыштары үчүн камалып чыккандан бери Саляновага ичкүптүлөрү басылбай келет. Ал Батукаевдин иши боюнча камалганда, аларга табылбай эле калды. Бирок, анын Батукаевдин иши боюнча камалганы мыйзамсыз болгонун баары айтышты. Баса, маалыматтар боюнча Салянова жакында чыгат. Батукаевдин иши боюнча эмес, Бишкекке көмүр ташып келүү боюнча суралып, анан коё бериле тургандыгы айтылып жатат…

Чын-чынына келгенде Батукаевдин камактан чыгарылышы боюнча убагында баа берилбей калышына дал ушул «атажуртчулардын» «салымы» зор болгон. Кандай дебейсизби? 2013-жылы 11-апрелде Жогорку Кеңеште Батукаевдин мыйзамсыз чыгып кетиши жөнүндө маселе көтөрүлүп, комиссия түзүлгөн. Комиссиянын түзүлүшүнө президент Атамбаев каршы болгон. Ошондуктан, маселенин демилгечиси «Ата Мекендин» депутаты Болот Шер жашыруун даярдап, 11-апрель күнкү жыйналышты «Ата Мекен» партиясынын депутаты, вице-спикер Асия Сасыкбаева алып барып жатканынан пайдаланып, күтүүсүздөн күн тартибине киргизишип, комиссия түзүп жиберишкен. Бирок, комиссияга «Ата Журт» фракциясы өз мүчөсүн бербей, комиссиянын иликтөөсүнө катышпай, кийинчерээк комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңеште бекитилип жатканда дагы пассивдүү позицияга ээ болуп туруп алышкан.

Болот Шер эң тажрыйбалуу саясатчы. Ал парламенттеги иликтөөлөрдү көп жүргүзгөн. Ошонун ичинде эң белгилүүсү «Матрешкагейт» ишин жүргүзүп, кылмыштын бетин ачкан. Анүчүн генералдар кызматтарынан кетишип, кийинчерээк соттолуп, жооп беришкен. Бул жолу да Болот Шер бир жума ичинде кимдин кандай тиешеси бар экенин, ким кандай кылмыш кылгандыгынын бетин ачып, жол түз эле Атамбаевге алып баргандыгын далилдеген. Атамбаев Болот Шерден башка комиссия мүчөлөрүнүн баарын чакырып сүйлөшүп, жолдон бурганга аракет кылган. Комиссиянын 10 мучөсү болсо, беш бештен бөлүнүп, талаш болуп, натыйжада, Атамбаевдин аты комиссиянын тыянагында айтылбай калган. Эгер «Ата Журт» партиясы принципиалдуу болуп өзүнүн эки мүчөсүн киргизгенде, ошондо бүгүнкүдөй жалындуу сүйлөгөндө, «кыргыздын патриотторун өлтүргөн, кордогон Батукаевди түрмөдөн чыгарып жиберген бул улуттук намысты тебелегенге барабар, бул чыккынчылык» деп бүгүн чурулдап кыйкырып жатышкан позициясын ошоно айтышканда, кылмыштын жүзү 2013-жылы эле ачылмак…

Торгой Бекмуратов

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу