Асылбек Өзүбеков: «1 жылдык келишим менен жетекчи болуп дайындалдым»

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси болуп актёр, обончу, аткаруучу Асылбек Өзүбековдайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Театрдын жаңы жетекчиси Асылбек Өзүбеков: «Мындан бир жыл мурун улуттук академиялык драма театрынын жетекчилигине сынак жарыяланганда келип катышкам. Көрүүчүлөрдү кантип театрга тартыш керектигин, репертуар боюнча, театрдын ички, сырткы маселелери жана жалпы эле актёрлордун турмушу тууралуу оюмду айткам. Анан Назым Мендебаиров жетекчи болгон эле. Назым көркөм жетекчиликке өтөм дегенинен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келип кайрадан кайрылып, 1 жылдык келишим менен жетекчи болуп дайындалдым. Менде тажрыйба мол, алгылыктуу иштерди жасоого аракет кылам. Андан сырткары режиссёрлор роль беришсе, образ жаратканга да жетишем деп турам. Кыскасы бүт күчүмдү, дитимди, убактымды жумушка арнайм», — дейт.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. Орто мектепти 1975-жылы аталган айылдан аяктап, ошол эле жылы Ташкенттеги Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун «Драма жана кино актёру» факультетинин кыргыз студиясына тапшырып, 1979-жылы бүтүргөн.

1979-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенген.

1990-2013-жылдары Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеген «Туңгуч» театрында иштеген.

2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенип келген.

Асылбек Өзүбековдун обондуу ырлары «Өмүр», «Арман, ай», «Гүлдөй жан», «Алтын шакек», «Фаридам», «Кош жылдыз» жана башкалар. Ошондой эле «Боз салкын», «Апамдын махабаты», «Күлкүлятор», «Лото чал» тасмаларына тартылган.

Айта кетсек, буга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрын жетектеген Назым Мендебаиров аталган театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу