Асылбек уулу Дамирбекти коргогон Тазабекте эмне кеп…?

Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу керек. Мындай сунушун кечээ парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтып, көпчүлүктүн кыжырын келтирди. “Карга карганын көзүн чокубайт” деген макал дал ушул Тазабектин айтканына куп жарашып калды. Кыргызды кыйлага уят кылып, кыргыз парламентинин бетине көө жапкан депутатты казактар эмне кылса ошо кылсын. Аны коргоп, жан тартыштын эч кандай кажети жок. Анын камалышы башка кыргыз аткаминерлерине дагы сабак болсун! Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Демек, мындай адамды коргоонун зарылдыгы барбы деген суроо менен айрым белгилүү инсандардын ойлорун уктук…

Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: 
– Убактылуу чыгарып алгандары менен маселенин түпкү мазмуну чечилбей жатпайбы. Түштөн кийин намыстанымыш болуп жан тарткандан көрө, эртерээк алдын алганда башкача болмок мүмкүн. Эми казак тарап оңойлук менен бошотпойт го. Эмнеси болсо да, чу дегенде эле көчүгү кыйшык, аманат шайлоо менен келген бул чакырылыштын төркүнү көрүнүп калды. Бу партия дегениң ийине жеткирилбегендигинен, кыргыздын түбүнө жетеби деп корком. Кеч боло электе ары же бери болуп, туруктуу шайлоо эрежесин иштеп чыкпасак аягы жакшы болбой калды.

Өмүрбек Абдрахманов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: 
«Карга карганын көзүн чокубайт» кыргыз макалы… Каргаларга айла жок да. Бирин-бири коргой берет.

Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору: 
– Сот болгонго чейин депутатты камактан чыгарууну парламенттин атынан суроо ката, туура эмес деп ойлойм. Ал депутат Казахстандын гражданы деген маалымат чыкты, дагы кандай маалыматтар чыгат, аны бир кудай өзү билет. Эмне иш экенин, депутат боюнча коңшу өлкөнүн атайын кызматтарында не далилдер, фактылар бар экенин билбей туруп бияктан ар кандай билдирүү жасай берүү туура да эмес, уят да болуп калышыбыз мүмкүн. Эгер депутатка кесиптештери ушунчалык эле боору ооруса, кыйын адвокаттарды жалдап жиберишсин.

 Күнболот Момоконов, “Айкын саясат” гезитинин башкы редактору: 
– Депутат Тазабек Икрамовдун Казакстанда баңгизат менен кармалган депутатыбызды актап-жактап, ЖКнын элдик трибунасында сүйлөп жатышы кызык эле. Албетте, кесиптештик, мекендештик тилек керек. Кеп башкада болуп жатпайбы. Миңдеген мигранттар чет жерде маңдай тери менен тапкан эмгек акыларын ала албай көз жашын көлдөткөн жарандарыбыздын жанында ал депутаттын иши жогору болуп калыптырбы? Икрамов элдик милдетин эмес, башкача милдетин аткарып жаткандай эле элес калтырат.
ЖКны таратуу маселеси менимче туура коюлууда. Бизге элдик, эл-жери үчүн күйгөн депутат, жетекчилер керек. Жесин, ичсин, ошого жараша иштей билсин. Жетекчинин мыктысы, өз орду менен жегенди, ошого жараша иштегенди билет. Көзүн табат. Бизде көпчүлүк жегенди эле билет. Бул биздин чоң трагедиябыз…
ЖКнын айрым адамдары, ал жердеги өзүнүн аткара турган милдети менен жоопкерчилигин деле билбейби деп ойлойсуң. Карапайым эл менен бийликтин ажырымы аябай ажырады. Эл өзү оокаты менен алек, бийлик билгенин жасап жатат. Карапайым эл салык төккүч, жумушчу күч, ооруса да онтоп акча бергич, сүйүнсө да, ыйласа да, кыйнаса да, басса да, турса да, секирсе да акча карматкыч. Четтен инвестиция киргизип жаткандар да эл. Кечирип койгула, эл ушул кезде бир ууч чиновниктердин «Кыргызстан» деген бизнес борбордун кардарлары гана болуп баратат. Жаштар Кыргызстанды сактап калышыбыз керек, келечек биздики!

Адил Турдукулов, жарандык активист: 
– “Карга карганын көзүн чокубайт” деген макал дал келип турат. Жогорку Кеңеште болобу, аткаруу бийлигинде, жергиликтүү бийлик органдарында болобу, криминал менен бийлик түп тамыры менен айкалышканда элдин, мамлекетин бейпилчилигине сөзсүз түрдө коркунуч жаралат. Парламент учурда коркунуч жаратууда.

Мирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу