Асылбек Жээнбеков, ЖКдепутаты: “ КСДП парламенттик демократияны өнүктүрүүчү күчкө эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун сактоочу инструментке айланып баратат”

Акыркы бир жылча убакыттан бери карай Кыргызстан социал-демократтар партиясынын айланасында түрдүү пикирлер жаралып келатканы белгилүү. Бийликтен кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан партиянын төрагасы болгондон тарта анын катарынан бир катар мүчөлөрү өздөрүнүн кабары жок эле, саясий кеңештин чечимисиз чыгарылып калып жатканы да коомчулукка дайын. Ошол эле убакта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбековдун дарегине да партия лидери Алмазбек Атамбаев тарабынан айтылган түрдүү дооматтар болду. Өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн тынч гана жүргүзүп атканына карабастан, “Асылбек Жээнбеков депутаттарды башкарып алды” деген сыяктуу орунсуз сөздөр да айтылды. Мына ушундай жагдайлардан улам Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 3-апрелдеги парламент отурумунда КСДП партиясынын катарынан чыгуу чечимин кабыл алганы жана ага эмне себеп болгону тууралуу билдирүү жасады. Урматтуу депутаттар! Ардактуу мекендештер! Кыргызстан социал-демократиялык партиясы татаал жолду басып өттү. Башынан түрдүү сыноолорду кечирди, сынбады. Кайра чыйралып, өлкө тагдырын чечүүчү мезгилдерде  алдыда жүрдү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө партиянын тегерегинде орун алган талаш-тартыштар анын көп жылдан бери топтогон аброюна көлөкө түшүрдү. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, парламенттин эки чакырылышында төрагалыкты аркалаган инсан катары мындай көрүнүшкө кайдыгер карабай, жалпы журтка билдирүү жасоону туура таптым. Мен партияга эң оор учурда келгем. 2007-жылы бийликтин өкүмзордугу күч алып, мамлекетибиздин келечегине чоң коркунуч жаралган эле. Ага каршы мыйзам алкагында күрөш жүргүзүү үчүн КСДПнын жер-жерлердеги, өзгөчө, Ош  аймагында таасирин арттыруу тапшырмасы коюлган. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин ошол мезгилде партияга көмөктөшүү сунушунан кийин КСДПнын катарына кошулуп, анын түмөн түйшүгүнө аралашкам. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, ал кезде  зулум режимге ачык каршы чыгып, партиялык иштерди уюштуруу абдан опурталдуу эле. Өмүрүбүздү тобокелге салып, партиялаштарыбыз менен биргеликте адилеттүү  коом түзүү максатында ишибизди баштаганбыз. Алгачкы жыйынтыгы жаман болгон эмес. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП бийликтин кысымына карабастан, жер-жерлерде, анын ичинде мен координаторлук кылган ордолуу Ошто элдин ишенимине арзыды. Натыйжада Ош аймагында 87 миңден ашуун добуш жыйнаганбыз. Бул КСДП топтогон жалпы добуштардын 45%ын түзгөн. Адилетсиз бийликтин өзүм билемдиги орноп турган заманда мындай ийгиликке жетишүү оңой олтон иш эмес эле. Ал эми 2010-2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо бул көрсөткүч эселеп өстү. 2015-жылы Ош аймагында 151 миңге чукул шайлоочунун ишенимине ээ болгонубуз мунун далили. Биздин партия 2010-жылдагы Элдик революцияны жүзөгө ашырууга, мамлекетибиздин тарыхында бурулуш жасоонун башында турду. Андан соң элдин жеңиши менен келген башкаруунун жаңы формасын түптөө, мамлекеттүүлүктү бекемдеп, Кыргызстаныбыздын чыныгы көз карандысыздыгын камсыздоо багытында ишибизди уланттык. Биз, социал-демократтар партиялык түзүлүштү чыңдап, күчтүү жана гүлдөгөн өлкөнү курууга баардык күчүбүздү жумшадык. Партиянын катардагы мүчөсү гана эмес, бир кездеги КСДПнын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин төрагасы катары мындай иштерге катышканыма сыймыктанам. Урматтуу депутаттар! Кадырлуу мекендештер! Партиялар саясий элитанын тагдырын эмес, карапайым жарандардын кызыкчылыктарын коргоп, таламын талашууга тийиш. Партия төрагасынын жеке мүдөөсү, жеке таарынычы, жеке амбициясы мамлекеттин өнүгүүсүнө залакасын тийгизбеши керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан  өзүнүн милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мен ага аралашпайм! Партия парламенттик демократияны өнүктүрүүчү күчкө эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун сактоочу инструментке айланып баратат. КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калды. Партиянын жетекчиси дайыма “Жалгыз мен баарын кыйраткам!” деп жетишилген ийгиликтерди өзүнө ыйгарып келет. Бирок, партия тарабынан жасалган иш-аракеттер бир эле адамдын эмгеги эмес, мында убагында Президентибиз Сооронбай Шарипович, фракция лидери Иса Шейшенкулович баштаган жана башка социал-демократтардын активдүү мүчөлөрүнүн салымы чоң болгон. Жакшы иштердин автору жалгыз өзү болуп, КСДПнын бүгүнкүдөй кризиске кептелгенине башкаларды күнөөлөгөнгө өттү. Бул туура эмес. Кайсыл гана партия болбосун, анын жакшысына да, жаманына да партиянын лидери жоопкер. Кыргызстандагы алдыңкы партиялардын бири, өзүм жан дилим менен аралашып, калыптандырган уюмдун учурдагы абалы жүрөгүмдү оорутуп, бир чети зээнимди кейитип турат. КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши абзел. Мен өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. Ага чейин бир да партияда мүчө болгон эмесмин. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары Кыргызстан социал-демократтар партиясынан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда бул кадамым туура деп эсептейм. Ал эми депутаттык ишмердүүлүгүм парламенттеги фракцияда уланат. Ушул жылдар аралыгында бирге болгон партиялаштарыма, ишеним арткан шайлоочуларыма колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, таазим этем. Кудай буюрса, мындан ары дагы Жогорку Кеңештин депутаты катары элибизге кызмат өтөй берем. Буга менин билимим, тажрыйбам, кайратым да жетет. Урматтуу депутаттар! Ардактуу мекендештер! Мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн талыкпаган эмгегибиздин акыбетин көрөлү! Кыргызстаныбызды, элибизди Жараткан өзү колдосун! Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу