АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВ: БУЛ МИСКЕНБАЕВГЕ ОКШОГОН ЧАГЫМЧЫЛДАРДЫН КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕСИ.

Акаев менен Бакиевдин тагдыры бизге эле эмес, жалпы элге, кийинки бийлик башына келе тургандарга да сабак болушу керек. Бул тууралуу Асылбек Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ал эч качан «Жээнбеков мандатын тапшырат» деген сөздөр чындыкка кошпойт. Бул Мискенбаевге окшогон чыгымчылдардын жасап жаткан аракети.

-Биздин тарбиябыз, биздин дүйнө таанымыбыз, көз карашыбыз башка. Мындайча айтканда Акаев менен Бакиевдин тагдыры бизге эле эмес, жалпы элге, кийинки бийлик башына келе тургандарга да сабак болушу керек.

Кыргыз эли кимдир бирөөнүн киришкенин көтөрө албайт. Биз шайлоо алдында убада бергендей эч качан киришпейбиз. Бул Мискенбаевге окшогон  провокаторлордун, Сооронбай Шариповичтин кылган иштерин көрө албагандардын көтөргөн маселеси–деди Асылбек  Жээнбеков.

БУЛАК: КАГАНАТ.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу