Аспековду УКМК кармап кетти

Бүгүн, 9-октябрда «Мекенчил» партиясынын мүчөсү, активист Мелис Аспековду УКМК кызматкерлери кармап кетти.Бул тууралуу жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

«Мага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү чалып, Аспековдун кармалганын айтты. Мени жактоочу катары чакырышты. Эмне маселе, кандай себептер менен кармаганын билбейм. Мен азыр УКМКга бара жатам», — деди Токтосунов.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу