Аскер: «Тузакка салган кумар…»

Токтобек уулунан кабар алганы борборго келген.Уулунун кем-карчтарын алып бере кетейин деп бүгүн базарга чыккан эле.«Дордой»базарын кыдырганды ѳзү да жаштыгынан жакшы кѳрѳт.Азыр да базарда кандай ѳзгѳрүүлѳр болгонун кылдат карап бараткан.Аңгыча кийими дал-далынан айрылып, колдору кара шири болуп бүткѳн селсаяктын түптүз эле ѳзүн карай келатканын кѳрүп чочуп кетти.Селсаяк жинди болгон немедей ыржайып, сары тиштерин кѳрсѳтѳ күлүп алган.

Жакындай берип:

— Токо, Токо, — деди шашкалактап.Токтобектин жүрѳгү болк этти. Борборго он эки ай, кырк жылда бир келсе, кайдагы бир селсаяк атынан чакырып чыга калса чочуйт да.

— Токо, мен Аскер.Аскер, досуңмун!

– Селсаяк толкундангандай бекем сүйлѳдү да, анан шаабайы суугандай аянычтуу үн менен:

— Тааныган жоксуңбу?–деди.

— Жок.Аскермин дейсиңби?Асыкеби?Сенсиңби?

— Ооба, мен Асыке.Айылдын Асыкеси.

Токтобек жанатан селсаяктын ага тааныш чыкканына арданып, кебетесинен жийиркенип турганын дароо унутуп салды.Баштыктарын баласына кармата салып селсаякка кучак жайды.Каңылжаарын жарып ѳткѳн жыттан иренжий түшсѳ да кучагын ала качпады.

— Эх, эх, Асыке.Досум…– Сѳз таппай башын чайкап турганда тиги үн катты:

— Бул уулуң го э?Жигит болгон турбайбы.Менин уулумдан эки күн кийин туулбады беле.Экѳѳнү дос кылабыз деп антташып…- үнү каргылдана түштү.

— Ооба, Асыке.Жакшысыңбы?

— Хе, жакшы деп айткыдай болбой калганымды кѳрүп турасың го.– Жанагы жайдары адам ачуулуу жанга айланып кетти.

–Жаманмын. Мына, кѳр, жаманмын!Эч кимим жок!Эч нерсем жок! Эй,келе, андан кѳрѳ кичине тыйын берчи? Тыйын бер да, артыңды карабай жѳнѳ!Мени унутуп сал.Кѳрдүм деп эч кимге айтпа.

Токтобек анын кепке келбей турганын аңдап чѳнтѳгүнѳн 200 сом алып чыгып карматты.Селсаяк акчаны колдон жула алды да, шаша жѳнѳп кетти.

— Ата, бул ким?–Уулу жийиркенгендей мурдун чүйрѳ унчукту.

— Досум, уулум.Кѳрбѳдүңбү «досум» дегенин.Бир кезде коюндашкан дос элек…

Токтобек Аскердин жашоосун алаканга салгандай биле турган.Бой жетип ак-караны айрып калган уулуна анын таржымалын тѳкпѳй-чачпай сабак катары айтып берүүнү ойлоду.Бир чети бир кезде эч качан ажырабайбыз деген досун унутуп койгон күнѳѳсүн, аны менен бирге ѳткѳн күндөрүн эстеп жуугусу келди.
Аскер экѳѳбүз 5-класстан дос болдук. Ошол кезде эле оокатка бүйрѳ эле.Кийин да тың чыкты. Атасынан калган бир малды эки кылып отуруп теңтуштардын ичинен эң биринчи бутка турду. Айылга элде жок мончо салды.

Чынын айтыш керек, мындай мончону район, облустардын борборлорунан эле кѳрбѳсѳк, эч бир айылда мынчалык мыкты сапаттагы мончо жок эле.Алгач кызыгып барган эл кийин мончонун кыныгын алып, үйгѳ жуунбай калышты. Жума сайын каттап атып Аскерди бир жылда эле баягыдан бетер байытып салышты. Мончонун жанына кафе, бири азык-түлүк саткан, экинчиси кийим-кече саткан эки дүкѳн ачты. Ар бир адамдын кел-кели келген бир кези болот окшобойбу. Аскердин кел-кели келгенде да күргүштѳп келди, тѳгүлүп-чачылып берекелүү келди. Бизнес деген түшүнүк элге жете электе ушинтип бизнесмен болуп кеткен экен, азыр ойлосом. «Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат» болуп колуктусу да бир тѳгѳрѳгү тѳп келген жан эле.

Иши жүрүшүп, ити чѳп жеп турган жанды баары сыйлайт экен. Байлыгынын арты менен Аскердин Аскер аты унутулуп «Асыке» болду. Кары, жашы дебей эркелетип чакырып, колунан кысып учурашып калышты. Менин бир ыраазы болгонум, Асыке пейилинен тайыган жок. Жардыга кол сунуп, жетимди башынан сылап, улууларды ѳзгѳчѳ урматтаганын кѳрүп ага баа берчүмүн. Айылдын эли кѳзүн караганына жараша айылдын бир топ жүгүн да кѳтѳрүп жүрдү.

Бирок кырктын кырына таяп бараткан сайын анын бир арманы арбып баратканын байкачумун.Арты-артынан тѳрѳлгѳн тѳрт кызын жанындай жакшы кѳргѳнү менен уулдуу болууга эңсѳѳсү күч эле. Бир жолу «ээ, Токо, дүйнѳнү го жыйып койдум.Эми уулум болбосо мунун баарын кимге калтырам?» дегени эсимде. Кудай жалгап бул кебинен кѳп күтпѳй уулдуу да болду. Жана укканыңдай уулу сени менен тең эле. Досумдун андагы кубанычын айтпа. Жерге-сууга батпай сүйүнүп, «жентек» деп дүкѳнүндѳгүнүн теңин бекер таратып салган.

Ушинтип уулдуу болуу менен Аскердин телегейи чындап тегизделген эле.Үйдүн мыктысын салып кирди, машиненин кыйынын алып минди, уул десе уул, кыз десе кызы болду.Бирок адам ырысын кѳтѳрѳ албай ысырап кылса ырыскы бак-дѳѳлѳтүңдү да, кадыр-баркыңды да кѳтѳрѳ качып, корооңдон тез эле чыгып кетет экен. Аскер кийим дүкѳнүнѳ бардык товарды ушул «Дордойго» келип дүңүнѳн алып кетчү. Ага жардам кылып мен да бир нече жолу келип кеткен жайым бар.Кийин жанына туруктуу жардамчы алып, ат тезегин кургатпай каттап жүрдү. Акыркы кезде Аскер борбордо эркектер гана эс ала турган «сонун жайлар» бар экенин кѳп айтчу болду. Досторго «керемет сауналар, керемет кыздар чериңди жазат» деп шилекейин кылк жутуп кѳркѳмдѳп айтып калган. Ошондо досумдун бул кылыгы жакшы эместигин ойлогонум менен ооздуктап калбаганыма азыр да ѳкүнѳм. Баарын акылга салып иш кылган неме менин айтканымды ичи тардык катары кабыл албасын деп ичимден тынып жүргѳм. Бир күнү аялы үйгѳ келип Аскердин шаарга кеткенине беш күн болгонун, такыр байланыша албай жатканын айтып калды. Телефону ѳчүк.

Аяшымды «иштери менен кармалып калса керек» деп жооткотконум менен ичимден түпѳйүл болуп калдым. Ошол күндүн эртеси таң атпай терезе такылдады.

— Токо, бол, чыкчы?!

– Аскер экен. Чоң кызуу.

— Тынччылыкпы?

— Тынч болбой калды, Токо. Мени кара теке сүздү. Шайтан азгырды.

Мастыгы менен айтып атат дегендей эмес.Деги эле сыр жашырбаган досум жер карап, туттугуп турду.Экѳѳбүз алма бакка кирип отуруп, болгон окуянын чоо- жайын уктум.

Кѳрсѳ, Аскер Кудайдан жѳѳ качкан алдамчылардын туткуну болуптур. Шаардагы бир-эки шериги менен дайымкы кардар болуп барып жүргѳн саунага кезектеги сойку кыздарды чакырышып, шапар тебишет. Эртеси базарга келип керектүү товарларын алып жуп жолго чыгарында кызыл шапкечендер келип анын үстүнѳн зордуктоо боюнча арыз түшкѳнүн айтып кармап калышат.

Түшүнѳ кирбеген иш болгон соң актыгына ишенип арыз ээси менен жолуктургула десе, ал түндѳ эле өзүнө кызмат кылган сойку кыз болуп чыгат. Кѳзүнүн жашын кѳл-талаа кылып «бул адамды биринчи жолу кѳрүшүм. Мага кол салган маалда жүзүн да таанып калган эмесмин. Бирок машинесинин номурун жаттап калгам» деп кайдагы калпты айтып айласын кетирет. Алгач урушуп, андан ѳтүп жалынып, суранып да кыздын арызын алдыра албайт. Аңгыча кыздын агасы болобуз деп эңгезердей экѳѳ келип жакалап, бычак такашыптыр. Айласы түгѳнүп милициясына жалынса олчойгон сумманы айтып «тѳлѳй сал да, чыгып кет» дейт. Аргасы куруган неме баалуу телефонун, саатын, жанындагы болгон акчасы менен товар шыкалган машинесин ошол жерге калтырып чыгыптыр. Ал да аздык кылып дагы «накталай акча карызмын» деген кагаз жазып берип келген экен. Кечигүүсүнүн себебин ушинтип түшүндүрүп «бир сааттык кумарга батам деп бир жылдык балээге калдым окшойт, Токо. Аяшыңа ачык эле айтат окшойм.

Себеби алардан кутулуш үчүн кѳп нерседен кол жууганы калдым. Тигилер мен тууралуу баарын билишет экен. Алмайынча тынчышпайт. Билип эле турам, алар уюшкан топ. Сойкусу да, шапкечени да, агасымын дегендери да баары биригип мени мээлеп жүрүшкѳн окшойт», — деди улутунуп. «Дѳѳлѳтүң да эгиз, мээнетиң да эгиз» деген чын экен. Ѳзү болжогондой эле байлыгынан катары менен кол жууп баратты. Дүкѳндѳрү арты-артынан жабылып, кафеси сатылып, ѳзү жѳѳ жүрүп калды. Элге шерменде болбосом болду деп тызылдап ѳңүнѳн да азып кетти. Кетип калбаганы менен аялы да далай беймазага салды окшойт. Күнѳѳсү болгон соң ага эмне дей алмак? Эх, Асыкемдин азабы ошону менен эле бүтүп калса болбойт беле. Бүткѳн жок. Эми кайра бутумдан турушум керек деп аялы экѳѳ эл агымы менен Орусияга кетишти.

Бапыраган бир бүлѳ чилдей тарап кыздарын ар кайсы туугандарыныкына табыштап, уулун таята- таенесинин колуна калтырды. Бир топко кабары чыкпай жүрүп үч жыл дегенде иши жүрүшѳ баштаганын уга баштадык.Так ушул маалда Аскерди дагы азап тооруду. 6 жаштагы уулу аттан кулап, башынан катуу жаракат алып айыга албай чарчап калды. Мына ушул жоготуу Аскерди биротоло жоготту.Баарына чыдап келген Асыке бул соккуга чыдай албай койду. Медер туткан уулу үчүн түркүн сыноолорго чыдап, ошол туягына баарын кайра түзүп берем деп тырмышып жүргѳн экен.Уулунан ажырары менен аялы экѳѳ да ажырашып кетишти. Кийин айылга бир келип жолукканыбызда «уулумду жоготуу менен жашоомдун маңызын жоготтум. Турмуштан баарын кѳрдүм. Эми мени эч нерсе кызыктырбайт» деп ыйлаган. Ошону менен айылга таптакыр барбай кетти.

Жаман кабар шамалдан тез жетет эмеспи, бат эле «баягы Асыке ичип кетиптир» деген кептер чыга баштады. Чын эле Аскерди эч нерсе кызыктырбай, эч ким соорото албай койду.Тууган-уругу да, достору да канча аракет кылган менен эч кимди уккан жок.Жеке мен деле шаарга барып эки жолу таап келдим. Кайра эле качып кетет. Жаман болууга жан үрѳѳнүн деле кереги жок тура. Заматта аракеч достор менен коюндашып, ѳткѳнү менен кошо келечегин да чийип таштап, бѳтѳлкѳнүн түбүнѳ түшүп жашап алды. Бир кезде аны эсинен чыгарбаган, оозунан түшүрбѳгѳн айылдыктар азыр аны эстебей да калдык. Куду, Аскер деген адам биздин айылда жашабаган сыяктуу аны эч ким ойлобойт, издебейт.

Карачы убакытты, андан бери зымырап 13 жыл ѳтүп кеткен экен.

Булак: «Lady.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу