Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок…”

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе… Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың. Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук.

КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеевдин досу Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок”

— Марат экөөбүздүн ортобузда 8 жаш айырма бар болчу. Бирок театрга келгенде “байке” десем: “Антсең ортобузда ажырым пайда болуп калат, сен деп эле айт”,-деди. Ошо менен Маке дос болду да калды. Театрга жаңы келген кезим. Алган айлыгым 430 сом, батиримдин акчасы 1000 сом. Өзүм үйлөнүп алгам, эки балам бар. Айдан айга карызга батып, бир жыл аралыгында жакшы эле жүдөдүм.

Атамдын иниси Орусияда жашачу да. Отурукташып калган, үй-жайы бар. Ага чалып абалымды айтсам: “Театр деп жүрө бербей мага кел. Эки үйүмдүн бирин сага берем. Унаа алып берем, жакшы жумушка киресиң. Бат эле буттан турасың”,- деди. Жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келгем жок.Арыз жазайын деп Маратка кирсем, маанайымды дароо байкады. Кыйналып кеттим, жүдөп кеттим деп наалый баштадым. “Бери карачы! Эмне, биз эле дароо жыргап кетиптирбизби? Сен деген жашсың, атың чыгат, тааныласың.Киного, жарнамага тартыла баштайсың. Бул күндөр да өтөт” деп айныта баштады.

Башында көнгөн жокмун.“И-ий, көрөсүң го, орус актёрлор тээп жүргөн унаа бизде да болот. Телефондун түрүн көтөрөсүң, бутубузга турабыз. Ошондо “Аскат, аялыңа чалчы, эт салып жакшы беш бармак даярдап койсун”,- десек сен: “Эмнеге меникине эле бара беребиз, баскыла ресторанга” дейсиң…” деп айтып кирди. Анын кыялына мен кошулуп, ошол жыргалдуу заман бир нече мүнөт көз алдыма тартыла түштү. “Сарт санаасы менен байыйт” болуп кетеримди да унутуп калдым. “Театрдан кетсең ооруйсуң” деген досумдун бир сөзү менин жашоомду өзгөрттү.

Эгер мага кайдыгер болсо мейли өзүң бил деп деле койсо болмок. Анда менин талантым түп орду менен өлмөк да. Актёр Аскат жок болмок.Ушу үчүн Макеге ыраазымын. Мен муну менен бир эле окуяны айтып атам. Андан кийин да далай жардам берди. Кийин өзү айтканда бутума турганда мен да анын кылган жакшылыгынын кайтарымын бергенге аракет кылчумун.

Булак: «Леди.кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу