Аскат СУЛАЙМАНОВ, актёр: “Кудайдын көзү түз болсо биз деле сыйлыкка жетээрбиз…”

 Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру , кино жана театр жылдызы Аскат Сулайманов бизде мейманда.

 

— Аскат байке, орозоңуз кабыл болсун, роль жаратканда кыйналган жоксузбу?

— Быйыл биринчи жолу орозо кармадым. Кадимкидей эле иштеп журөм , кыйналган деле жокмун. Мурда карма деп көп тааныштарым айтышчу, эмнегедир кармачу эмесмин . Быйыл эч кимди кыйнатпай, өзум эле кармайын деп чечтим. Баамымда журөккө ыйман кирип ,токтолуп бара жаткан окшойм. — Жакында эле “Ак илбирс” кино сыйлыгына ээ болдуңуз, кут болсун. Кайсы тасмадагы ролуңуз учун сыйландыңыз? — Чоң рахмат, Б.Осмонкановдун “Такебай” деген комедиясындагы Такебайдын образы менен “Эркектердин эң мыкты ролу учун” деген номинацияны жеңип алдык буюрса. Сыйлык алам деп куткөн эмесмин. Буга чейин кинолорду сыйлыкка көрсөткөндө албай калгам. Бир аз таарынычым да бар эле. Анткени ошол учурда сыйлыктар калыс эмес бөлүштүрүлүп кеткендей сезимдер бар болчу. Быйыл ушуга деле береличи дешкен көрүнөт, мага ыйгарышты.

— Эл сизди “участковый” деп таанычу, эми “Такебайга” өтүштү окшойт. Демек роль актердун визиткасы десек туура эле болот окшойт?

— Ооба, элдин баары азыркыга чейин эле участковый деп келишет. Сиз айткандай акыркы маалда “Такебай” деп кайрылышчу болду . “Такебай” да дебейт , “Текебай” деп алышат . Роль актердун визиткасы деген оюңузга албетте кошулам. Ага далил, 2003-2004-жылдан бери “участковый” болуп келе жатпаймынбы.

— Мамлекеттик наам учун кызыл чеке болгон өнөр ээлерин көрүп эле жүрөбүз. Сыйлык тууралуу оюңузду билгим келип жатат…

— Театрдагы, кинодогу, кесиптештерим, министрликтин өкүлдөрү деле билишет, 41 жашка чыкканга чейин мен кыйратып жибердим, аны кылып жатам, муну кылып жатам деп бир да жолу эч жакка кайрылган эмесмин . Албетте өнөр адамдары элге кызмат кылат . Эл менен жүргөндө эл деген эл экен, “даражалуу сыйлыгың барбы” деп сурап калышат . Жок десең дароо эле “Эй Кудай урган . бербесе койсун, силерди эл тааныйт, эл билет, элдин сыйынан өткөн сыйлык жок” — деп калышат. Бирок ошого карабай жетекчилик ишибизди баалап “КРнын эмгек сиңирген артисти” деген наамды берип койсо деле таарынбайт элек . Ал сыйлык деле курсагыңды тойгузуп жибербейт. Бирок кээ бир жерлерге барганда “Аскат байке ?, мен жаңы чыгып жаттым эле, чыгармачылыгымды колдоп клиптериме түшүп бериңизчи” — деп жүргөн, эки-үч эле ыры менен элге таанылган, бир-эки конкурска барып келип эле эл оозуна алынган кечээки балдар-кыздарды “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деп чакырып жатса кызыктай абалда калат экенсиң . Ошол кечээ эле артыңдан жүргон балдар: “Кандайсыз анан Аскат байке , дале театрда элесизби?” — деп сураганда, журөсүң дале баягыдай деп шылдыңдап жаткандай ызаланасың. Кудайдын көзү түз болсо биз деле сыйлыкка жетээрбиз.

— Азыр өнөр адамдарынын чыгармачылыгынан мурда жеке турмушу көбүрөөк кызыктырган заманда жашап калдык. Сиздин турмушту да туш-туштан аңдып жомок токугандар болсо керек?

— Толтура андайлар. Жеке турмушка кирип, ушакты ойлоп таап, артыңдан кубалап алгандар көп. Чынын айтсам, андайларга кеңүл деле бурбайм. Социалдык тармактардан оюна келгенди жазган айрымдарга жеке кат куржунуна өзүм жазып, жолугушууга чейин чакыргам . 5-6 кишиге жазып, 2-3 адамга жолуктум. Кээ бири кечирим сураган да учурлары болду . Бирөөнүн турмушун билбегенден кийин оюна эмне келсе жаза бергендер укмуштуудай көп . Жаман сөз жазгандардын кээ бири аккаунттарын өчүрүп качып да кетишкен. Ал учурда кыйла жакшыраак окшойм, ар бир сөзгө, жаман пикирге жиндене берчүмүн. Азыр болсо кадимкидей токтоо тартып көңүл бурбай калдым. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген принцип менен жашаганга үйрөндүм. Үй-бүлөм жакшы, балдарым кашымда, келинчегим, ата-энем, бир туугандарым жанымда. Кудайдын ушунусуна да шугур дейли. Маектешкен Нуркыз РЫСКУЛ кызы

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу