Аскар Акаев кызы экөө Кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазышты

Бул китепте Акаевдер Кыргызстандын потенциалы жана келечеги тууралуу жазат. Китеп “Стратегия опережающего развития для Кыргызстана” деп аталат. Тарыхты эске салган сүрөт-ирмемдер “2030-жылга чейинки жаркын келечек үчүн кандай стратегия болушу керек? Кыргызстанда инновациялык өнүгүүдөн озуп өтчү стратегияны иштеп чыга турган маалыматтык коомду түзүүгө болобу? Кыргызстан күн, шамал жана суудан алынган энергияны колдонгон экологиялык жактан таза өлкө боло алабы? Кыргызстан интернет- индустриясы аркылуу экономикасын көтөрүп, аны XXI кылымдын “жибек жолуна” коё алабы?” деп айтылат китептин аннотациясында. Авторлор ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп, өз пикирлерин билдирет. Алардын айтымында, китеп Кыргызстандын келечегине жана 2020-жылдардагы өлкө лидерлерине арналат. Булак: “ПолитКлиника”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу