Аскар Акаевге жумуртка ыргыткандарга карата германиялык полиция эч кандай чара көргөн жок

Германиянын Берлин шаарында Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаевгежумуртка ыргыткандарга карата жергиликтүү полиция кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-декабрда Бакыт Кобегенов баштаган «KyrgyzClub-Germany» бирикмеси Берлин шаарында Аскар Акаев менен Германиядагы Кыргыз жарандарынын жолугушуусун уюштурууну пландаган.

«Кобегенов буга чейин үч жолу мындай жолугушууну өткөрүүгө аракет кылган. Бирок ал кайрылган Берлиндеги орусиялык илим жана маданият үйү жана эки мейманкана ага имарат берип туруудан баш тарткан. Жыйынтыгында жолугушуу болбой калган.

Бирок Аскар Акаевдин бир нече мекендештери менен кыска жолугушуусу орун алган, анда катышуучулар Акаевдин дарегине сын-пикирлерди айта башташкан. Алардын бири Акаев тарапка жумурткаларды ыргыткан, мындан улам Бермет Акаева жумуртка ыргыткан киши менен жаңжалдаша кеткен.

Бул окуядан кийин полиция кызматкерлери чогулган адамдардан окуя болгон жерди бошотууну талап кылышты. Полициянын талабы менен бардыгы тарап кетишти», — дешти ТИМден.

Эске салсак, 9-декабрда интернетке Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева Германиядагы Кыргыз жарандары менен жолугушуусу тууралуу видео жарыяланган.

Ал жерде айрымдар “Акаев кет” деген жазууларды көтөрүп алышкан. Акаев бир-эки сөз айтууга уруксат берүүнү өтүнүп, орус тилинде сүйлөгөн. Ошол учурда бир жаран Акаевди кыргыз тилинде сүйлөшүн талап кылган. Мурдагы президент суроолорго жооп бербей турганын айтып, басып кеткен.

Бир жаран Акаев тарапка жумуртка ыргыткан. Ал учурда Бермет Акаева барып, полиция кызматкерин чакыра турганын эскерткен. Жумуртка ыргыткан жаран Акаевди «коррупционер, качкын» деп атаган. Бермет Акаева аны колундагы сумкасы менен урган.

Булак: SUPER.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу