Асия Сасыкбаева: “Буларды камоо кийинки шайлоого жол тазалоо же кайра эле өч алуу деген сөзгө жем таштады”

— Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

— Эң биринчи коррупцияны прокуратура, сот жана күч структурасында жоюш керек эле. Ошондо азыркы кармалып жаткан мамлекеттик чиновниктердин иштери адилеттүү каралып, “заказ” жок экенине эл ишенмек. Андай болбой жаткандан кийин коррупция менен күрөшүүгө багытталган иш-аракеттер ар түрдүү ойго салууда. “Балким, буларды камоо кийинки шайлоого жол тазалоодур же кайра эле өч алуудур”- деген сөзгө жем таштоодо. Акыркы 20 жылдан бери биз күч органдарын “деполитизация”, саясаттан алыстатуучу чараларды мыйзамдаштырыш керек деген маселени көтөрүп келебиз бирок майнап чыкпайт. Анткени, анын баары жаңы келген бийликке керек нерсе экен. Өздөрү колдонуп башташат дагы жыйынтыгында өздөрү ошол эле “чалгыларга” чалынып калышат.

Буга 3 президентибиз ачык мисал болуп бере алат. Ошондуктан кармалгандардын күнөөлөрү канчалык, жана кайсы соттор карайт же баягы эле “дежур”, “заказдар” менен иштегендер карайбы – ушул маселе маанилүү. Текебаевдин ишин “токугандай” эле “токуп” коюшабы? Элибиз чындыкты билеби же дагы эле алданып калабы? Ушул суроолорго жооп ала албайбызбы деп корком! Андан тышкары президенттин тегерегиндегилердин кармалбаганына таңгалгандар абдан көп. Кийин ошолор эле өзүнө зыян келтирет. Эгер президент коррупция менен чындап күрөшсө, атамбаевдин эле кадрларын камабай, тегерегиндегилерге да көз салышы керек. Болбосо калган беш жарым жыл тез эле өтүп кетип, тегерегиндегилер ага кесепетин тийгизет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. Kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу