Асия САСЫКБАЕВА, “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү: «Депутаттык комиссия Атамбаевдин саясий репрессиясына өзгөчө көңүл бурушу керек»

17-июнь күнү экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн түзүлгөн комиссия өзүнүн биринчи ачык жыйынын өткөрдү. Ал ачык жыйынга коомдук, мамлекеттик ишмерлер, эксперттер Атамбаевдин бийлигине баа берип, анын бийлигинин кезиндеги мыйзам бузуулар боюнча өз пикирлерин айтышты. Жыйынга «Ата Мекен» партиясынын атынан, партия төрагасынын орун басары Асия САСЫКБАЕВА катышты.

“АТА МЕКЕНДИН” АТАМБАЕВ МЕНЕН БОЛГОН АЧЫК КАГЫЛЫШЫ

— 2010-жылы 7-апрелде элдик революция, июнь айында Түштүктө улут аралык кагылышуулар болду. Күзүндө парламенттик шайлоо болуп, жаңы коалициялык өкмөт түзүлүп, “Ата Мекен” оппозицияда калды. Биз оппозиция катары Атамбаев жүргүзгөн кээ бир маселелер боюнча кайчы пикирде болдук. Бирок, “бул жумушчу момент” деп, ал кайчы пикирлерибизди өзгөчө каршылашуу себеби деп эсептегенибиз жок. Бирок, бара-бара маанилүү, Кыргызстандын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерде Атамбаев менен ачык кагылыша баштадык. Алардын бир нечесин айтып өтөйүн. Ал кагылышуу, ал айтышууларыбыз парламентин жыйындарында, ММКлар аркылуу ачык эле жүруп жатты. Баарыбызга белгилүү, депутат Исхак Пирматов “Кыргызгаз” ААКсында генералдык директор болуп турганда 1,5 млрд. сомдон ашык мамлекетке зыян келтирген. Бул анык жана далилденген. Аны эч ким тана албайт. Бирок, Пирматов жоопко тартылган жок. Себеби, Кылмыш кодексинде “коммерциялык уюмдун жетекчилери кыянаттык менен укугун пайдаланып, ишканага зыян келтирсе, 5 миң сом айып пул же, 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн” деген норма болгон. Бул ошол кездеги мамлекеттик ишканаларга коркпой зыян келтирип, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзүп, миллиарддаган сомдорду жетекчилер уурдаганга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Анткени, алар эч нерсе болбосун билген. Пирматов ошон үчүн кылмыш жообунан кутулуп кетти.
“Ата Мекен” партиясы “мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кылмышын мамлекеттик кызматкерлердин кылмышы менен теңейли, мамлекеттик ишкананын байлыгын уурдаганды коррупцияга теңейли” деген мыйзам долбоорун киргизди. Ал мыйзам долбоору парламентте колдоо тапканы менен, президент тарабынан колдоо таппай, каршы туруп алгандыктан, 4 жыл ушул маселе боюнча “Ата Мекен” Атамбаев менен күрөшүп келди. Ал кезде эмне үчүн Атамбаев буга каршы экендигин биз билген эмеспиз. Көрсө, бүт мамлекеттик ишканаларга: “Мегаком” ЖАК, “Манас” эл аралык аэропорт, “Кыргыз Алтын” ААК, “Дастан” ТНК ААК ж.б. майлуу-сүттүү жерлерге өзүнүн жеке берилген адамдарын дайындап, аларга шарт түзүп бергени бүгүн ачыкталып отурат.

ТЕКЕБАЕВДИ КАМАП, МӨҢГҮНҮ ТАЛКАЛООГО УРУКСАТ БЕРИП КЕТТИ

— “Кумтөр” 2010-11-жылдары мөңгүнү талкалоого барбай, жер алдынан алтын казып алууга милдеттендирилген эле. Бирок, Атамбаев премьер-министр болуп тургандан баштап, жыл сайын 10 млн. кубометр, 15-20 млн. кубометр кылып отуруп, мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берди. “Ата Мекен” партиясы буга ачык каршы чыгып, кайра-кайра өкмөттөн токтотууну талап кылып келген. Кийинчерээк 2014-жылы Атамбаев өзүн жооптон куткарыш үчүн “Центерра” мөңгүлөрдү талкалай берсе боло берет” деген норманы Суу кодексине киргизген. “Ата Мекен” каршы чыгып, 2 жыл күрөшүп келди. Партия лидери Текебаев камалгандан кийин гана, 2017-жылы сентябрь айында Жогорку Кеңештен өткөрүп, бийликтен кетээринде кол коюп кетти. Мына азыр “Центерра” Кыргызстандын табиятына орду толгус жоготууларды жасап жатат. Атамбаевдин ушул мыйзамы  “Центеррага” 10 жылдын ичинде 3 млрд. доллар үнөмдөп берди. 3 млрд. доллар үнөмдөп калган компания Атамбаевге ыраазычылыгын кандай билдиргендигин айтпаса деле түшүнүктүү.
Фракция менен Атамбаевдин ортосунда “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча дагы келишкиз каршылыктар, ачык күрөш болгон. “Центерранын” жетекчиси Кыргызстанды шантаж кылып, “ишти токтотуп коем” деп коркуткандыгына каршы “Ата Мекен” партиясы Кылмыш кодексине “сабатаж” деген берене киргизип, компания жетекчилерин тизгиндөөгө аракет кылган. Мына ушулардын бардыгына Атамбаев түздөн-түз өзүнүн фракциясы аркылуу, башка фракцияларга болгон таасири аркылуу, өкмөт аркылуу каршылык кылып, бул демилгелерди өткөрбөй келген.

АТАМБАЕВ ЭЛ-ЖУРТТАН, КООМЧУЛУКТАН КОРКПОЙ КАЛГАН

— Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын ортосундагы пикир келишпестиктерди, конфликттерди санай берсек, абдан көп. Ошол конфликттин себептерин бир сөз менен айтканда, Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүндө бийликти узурпациялап, жеке бийлигин орнотту. Чечүүчү орундарга, авторитети, тажрыйбасы, билими жетиштүү адамдарды эмес, өзүнө берилген шоопур, жан сакчы, катчы болуп иштеген же, ошол жакындарынын туугандарын, досторун алып келе баштады. Мыйзамды тебелеп-тепсеп, Атамбаевге каршылык көргөзгөн саясатчыларды, коомдук ишмерлерди куугунтуктап, аларга каршы кылмыш ишин козгоп, ММКларга, журналисттерге кылмыш ишинен башка миллиондогон доолорго жыгып, ачык куугунтуктоо башталды. “Ата Мекен” партиясы качан гана Атамбаев бул оюн Конституция аркылуу ишке ашырып, президенттиктен кеткенден кийин дагы бийлигин улантууга кылган аракети башталганда, Атамбаевдин ниетин элге жарыялап, баарын ачык айтып чыкты. Аны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык коом, укук коргоочулар, прогрессивдүү бардык күчтөр колдоп чыгышты. Атамбаев өзүнүн алгачкы ниетинен баш тартып, Конституциянын долбоорун бир аз өзгөрткөнгө мажбур болду. Бирок, баарибир зордук-зомбулук менен Конституцияга тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди. Анан ушул Конституцияга каршы чыккан депутаттар Текебаев, Салянова, Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Фракциянын башка депутаттарынын бизнесин, же мурун иштеп кеткен жерлерин текшерип, аларга иш козгоо жана басым көргөзүү аракеттери жүрдү. “Ата Мекен” партиясынын Өкмөттө, же башка мамлекеттик структураларда иштеп жаткандарынын баары жумуштан бошотулду. Текебаевди жалган жалаа менен соттоду. Саляновага да болбогон, жалган жалаа менен, Кыргызстандын жараны, белгилүү юрист, адвокат “Елисеевдин лицензиясын жандандырды” деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратып, мандатын алышты. Мамлекет, Юстиция министрлиги, министр Салянова Кыргызстандын жараны Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартканга милдеттүү болчу. Мыйзамды сактап, милдетин аткаргандыгы үчүн соттоп жиберишти. А ошол эле учурда, ондогон онна алтыны, миллиондогон тонна көмүр запасы бар жерлерге мыйзамсыз лицензиялар берилип, мамлекетке бир тыйын пайдасы жок казылып алынып, жеке адамдар байып жатышат. Аларга иш козголгон жери жок. Мына ушунун өзү Атамбаев эл-журттан, коомчулуктан, “тарых эмне дейт?” деген ойлордон коркпой калгандыгын билдирет.


ТЕКЕБАЕВДИ КАМООГО ИМПИЧМЕНТ СЕБЕП БОЛДУ

— Атамбаев укугунан аша чаап, Өкмөттүн ж.б. мамлекеттик мекемелердин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алып, өзү эле эмес, жан-жөкөрлөрү: Икрам Илмиянов, Сапар Исаков өкмөттүк структураларга түздөн-түз көрсөтмө берип, бюджет мыйзамын бузуп, Өкмөт жөнүндө Конституциялык мыйзамдарды бузуп, түздөн-түз көрсөтмө берип, аткарттыра башташкан. 2016-жылы ноябрь айында “Ата Мекен” фракциясы өз жыйынында ушулардын мисалы катары Атамбаевге бир нече айыптар коюлду. “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолунун проектисин  Өкмөт, парламент менен бекитпей туруп, болгону президенттин жеке көрсөтмөсү жана мыйзамдарды бузуу жолу менен баштап жиберишкен. Ошонун кесепетинен жолду куруу 150-200 млн.долларга кымбаттап кетип, маршрут оптималдуу болбой, Кыргызстанга бере турган пайдасы эселеп азайган. Бул боюнча дыгы “Ата Мекен” Атамбаевге айып койгон. Сапар Исаковдун жеке көрсөтмөсү менен Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюндарынын алдында курулган Чолпон-Атадагы жаңы ат майдан бузулуп, анын ордуна 1 млрд. сомдон ашык каржат кетирип, экинчи жаңы ат майдан куруп, Кыргызстанга жүздөгөн миллион сом зыян келтиргендиги мисал келтирилген. Мына ушуга окшогон өзүм билемдиктен ондон ашык далилдер табылып, импичментти жарыялоо үчүн депутаттардан кол жыйнала баштаган. Бирок, ал кезде Атамбаев күчүндө турган. “Ал кетсе да, Кыргызстанды мыкчып башкарат” деп эл ишенген. Ошондуктан, “Ата Мекен” партиясынан, фракциясынын депутаттарынан башка фракциялардын депутаттары кол койгондон коркушкан. Бирок, убакыт өтүп, Атамбаевдин мөөнөтү аяктаганга жакын андай депутаттардын саны көбөйүшү мүмкүн эле. Ошон үчүн Текебаев “март айында колду толук жыйнап бүтөбүз” деп айткан. Март айына жеткирбестен, жалган жалаа менен Текебаевди камап салышты.

СЕГИЗБАЕВ МЕНЕН ЖОЛДУБАЕВА ДА ЖООПКО ТАРТЫЛСЫН

— Биз “Ата Мекен”партиясы жыйнаган документтердин баарын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга өткөрүп бердик. Андан башка дагы жаңы материалдарды бердик. Бул “Белизгейт” боюнча материалдар. Жасалма жалаа жабууда УКМКнын ошол кездеги башчысы Сегизбаев менен ошондогу Ген.прокурор Жолдубаева эле эмес, президент Атамбаев өзү катышкандыгын бүткүл Кыргызстан КТРК аркылуу көрүп турду. Анын жалган экендиги жаңы президент Жээнбековдун убагында далилденди. Атамбаев менен кошо Сегизбаев, Жолдубаева дагы жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз.
Экинчиси, Текебаев менен Чотоновдун кылмыш иштери Атамбаевдин заказы экендиги белгилүү. Аны аткаруучулар баягы эле Сегизбаев менен Жолдубаева. Тергөө башталаарда Атамбаев Путиндин алдында, кийин журналисттердин алдында деле кайра-кайра өзү көрсөтмө бергендигин жашырбай эле айтып, тергөө качан бүтөт, канча күбө болуш керек, алар эмне деп көрөсөтмө бериш керек экендигин ачыктан-ачык айтып келген. Эң негизгиси, соттун чечими фактыларга каршы келгендиги, аттуу-баштуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, документтерди эске албай, туура эмес чечим чыгаргандыгынын өзү бул жерде Атамбаевдин түздөн-түз көзөмөлү бар экендигинин далили. Биз депутаттык атайын комиссия саясий репрессияга өзгөчө көңүл бурушун сурандык.

Динар Турдугулова

БУЛАК: Азиянюс

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу