Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ МЕНИ СҮЙӨТ, МАГА ИШЕНЕТ»

Адаттагыдай бул жуманын шаршемби күнү SUPER.KG порталында түз эфир старт алды. Окурмандардын суроолоруна жооп берүүгө актриса жана ырчы Асема Токтобекова келди. Бир да суроодон буйтап өтпөй ачык жооп кайтарган Асема порталдын колдонуучуларын зериктирген жок.

– Асема, салам! «Боз салкындай» элге алынып кеткен тасмага тартыла элексиз. Жакшы сунуштар түшпөй жатабы?
– Жакшы кинолор тартыла элек. Тартылса сөзсүз катышам. Айрымдар «эмнеге өзүңүздүн тасмаңызга өзүңүздү тарта бересиз?» деп сурашат. Бул мага ыңгайлуу. Себеби бирөөгө баш ийип, анын жашоосуна аралашкым келбейт.

– Кино тармагында иштегендерден «Асеманын мүнөзү өтө начар, режиссёрлор менен иштеше албайт. Ошондуктан өзүн-өзү тартып жүрөт» деген кептерди уктум эле…
– Мен эмнеге актанышым керек? Чындыгында мүнөзүм оор. Мени кан соргуч деп айтышат. Кыялымды жөн жерден көрсөтпөйм. Болгону тактыкты, сөзгө бекем турганды талап кылам. «Асема канды сорот, башты оорутат»дешкени мен үчүн сыймык. Демек, ошончо деңгээлде ордум бар, алар мени угушат, коркушат, сыйлашат.

– «Асеманы Казакстанга киного тартылууга чакырышыптыр, алар менен иштеше албай кайра келиптир» деп жүрүшкөн, ушундай болду беле?
– 8 жыл мурун «Шелест листвы» деген тасмага тартылууга чакыруу алгам. Бирок режиссёрдун мамилеси жаккан жок. Андай мамилеге татыктуу эмесмин. Ал мени шылдыңдагансып, басынткансып сүйлөп жатты. Ролду ойноп көрсөтүп жатсам, ордунан туруп басып кетип туура эмес мамиле кылды. Мени жол арытып келтиргенден кийин бир орунда отуруп, көңүл буруп ойногонумду көрүп алышы керек болчу. Ошондуктан иштешпей кетип калгам.

– Учурда Кыргызстанда №1 актриса ким деп ойлойсуз?
– Мен да?! Тамаша! Аны эл чечет. Ушул убакка чейин сыйлык алган эмесмин. Менин сыйлыгым жолдошум, уул-кызым. Бирок акыркы убакта Рахат Божокоевага көңүлүмдү буруп жүрөм. Анда өң-келбет бар, жакшы таптаса бир нерсе чыгат деп ойлойм.

– Асема, сизди актриса катары жакшы баалайм. Бирок ырчы катары баалай албайм. Катуу айтсам кечирип коюңуз, ырчылыкты жөн эле койбойсузбу?
– Бул менин жеке кызыгуум. Кудайга шүгүр, аздыр-көптүр күйөрмандарым бар. Сөзсүз эле опера ырчысындай ырдаш керекпи? «Мени уккула» деп эч кимди кыйнаган эмесмин, кыйнабайм дагы.

– Жолдошуңду теңиңе албагандай көрүнөсүң, тааныштарымдан да ушинтип уктум эле…
– Кайдан көрдү болду экен? Анткени жолдошум экөөбүз түнкү саат 2де эле көрүшөбүз. Анын жумушу башка, меники башка. Бул суроону мени жаман көргөн адам жазып жатат болуш керек. Биз адамбыз, урушабыз, таарынышабыз, жазылабыз. Бирок биздин үйдө чыны, үтүк сыяктуу буюмдар «учпайт». Биз бири-бирибизди сүйөбүз, сыйлайбыз. Балдарым бактылуу, тынч жашоодо жашайт, ошол жетиштүү. Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы сыйга, үй-бүлөбүзгө суктанган адамдар бар. Ал мени эмнеге колдоп келатат дейсиз? Анткени сүйөт, ишенет. Муну жумушумдун өсүп-өнүккөнүнөн баамдасаңыз болот.

– Кээде сиздин тасмаңыздан ачык сценаларды көрүп калабыз. Андай эротикалуу эпизодду «Көк-Жал» фильминен көрдүм эле…
– Менин тасмамды ачык деп жатсаңар, анда кинодо сүйүүнү көрсөтпөй эле коюш керек. Биз ошондо Азатты (ред.: актёр Азат Кусеинов) сүйдүрө албай кыйналганбыз. Ал колуңду кармаганды же бетиңди сылаганды билбейт. Айла жок ошол эпизодду тарттык. Анын үстүнө аны ачык деп эсептебейм.

– Күйөөңүз кызганган жокпу?
– Күйөөм тасма тартып жатканда жанымда жүрөт. Ал Азатка кандай сүйүштү үйрөтүп, көрсөтүп жатты. Жазында Болотбек Тилек менен 18+ кино тарталы деп жатабыз. Ал экинчи режиссёр болот. Башкы каарманды мен ойнойм. Силер бардыгына даяр болгула, мен да даярмын.

– Сиз башкы каарманды ойногон тасмада кинонун режиссёру сизди жактырып, артыңыздан катуу чуркаган деген имиштер бар, жообун өз оозуңуздан уккум келет.
– Ал киши тууралуу айтсам, үй-бүлөсү туура эмес кабыл алат. Аялы бар эркектер менен иштешүү кыйын. Анткени аялына эч нерсени далилдей албайсың. Баары бир ишенбейт, уруш-чатак чыгарат. Сүйүү – бул оору. Ар бир адамдын башынан сүйүү өткөн, аны мазактабаш керек.

– Сени кичүү келин экениңди билебиз. Эгер кайненең «Баткенге келип жашайсыңар» десе макул болот белең?
– Дайыма кайненем каалагандай болот. Ал айтса барып жашамакмын. Акыры сөөгүм ошол жерге коюлат да.

– Айымдар стресстен арылыш үчүн кийим сатып алышат дешет. Сиз көңүлүңүздү кантип көтөрөсүз?
– Менин көңүлүмдү акча көтөрөт. Акчаны көрсөм жыргай түшөм. Кийимге көп кызыкпайм. Бирок башка бирөө мага окшош кийинип жүрсө дароо чечип салам.

– Душманыңыз барбы, алар кимдер?
– Ийгиликтүү адамда душман болот. Аларды жакшы тааныйм. Кээ бири күлүп жайласа, экинчиси эски жараны эстетип жайлайт. Кичине кезимде бир кызды топко кошпой жүрчүмүн. Аны менен кийин бир кинодон кезигип калдык. Ал мени аябай жек көрөт. Кинолорумду, чыгармачылыгымды жамандап жазат. Ийгиликке жетпеген, кебетесине ыраазы болбогон адам ич күйдүлүк кылат экен.

– Акыркы убакта атактуулар тишине брекет салдырып, тиш түздөөнү адатка айлантып алышты. Алардын катарында сиз да барсыз…
– Чыгармачылыктагы адамдардын арасынан биринчи болуп брекет салдырган мен болдум окшойт. 1 жылдан бери тагып жүрсөм да аябай кыйналып кеттим. Жакшы күлө албайм же сүйлөй албайм. Бир жолу «болду тажадым, чечем» десем, жолдошум «сени ушунчалык чыдамкай, кыйын кыз экен деп жүргөм, көрсө жаңылыптырмын» дегенде «ушунча болду чыдайын» деп чечпей калдым.

– Мурдагыдан да сулуу болуп калгандайсың. Сулуулукка кандай кам көрөсүң?
– Мени сулуу кылып сүрөткө тарткан – бул Айфон. Сулуулугума эч кандай кам көрбөйм. Сулуулук салондорунун кызматын колдонбойм, өзүм боёном. Сулуумун деп эсептебейм, бирок өң-келбетиме нааразы эмесмин.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу