Асема:“Жолдошум мени кызгана бербейт, мага ишенет…”

Белгилүү актриса, ырчы Асема сулуулук салон ачып, ишкер айымдардын катарын толуктады.«Asem beauty» салонунда азыркы тапта 20 кызматкер иш алып барат.Өзүн актрисалык, ырчылыктан сырткары башка тармакта сынап жаткан Асема жаңы иши тууралуу айтып берди.

-Асема, сулуулук салон ачууга сизге эмне түрткү болду?
-Мурун курбуларым, туугандарым чыгармачылыктан сырткары кошумча ишкерлик кылууну сунуштап калышчу.Бирок акча, эсеп-кысап деген маселелер менен баш оорутканды жаман көргөндүктөн андай сунуштарга көп маани бербей жүргөм.Экинчи жагынан алып караганда чыгармачыл чөйрөдө жүргөн соң дайыма салондордун кызматына муктажмын.Кээде съёмкага, тойго шашылыш чыгып калганда салондорду издеп калчумун.Ушундан улам сулуулук салону керек экен деген ойлорубуз бар болчу.Жакындарымдын, жолдошумдун, кайын журтумдун колдоосу менен акыры салон ачып алдым.

-Адистерди кандай талап менен тандап алдыңыз?
-Салон ачардын алдында өзүм атайын визажисттин курстарын окуп, бул тармак боюнча жакшы түшүнүк алдым.Бет боёонун да эрежеси,түрү, сыры бар экен.Муну мен курстарда окуганда мыкты өздөштүрдүм.Ушундан улам салонумда жалаң кесипкөй адистердин иштешин кааладым.Айрым жерлерге барсаң кызматкерлердин тейлөө, кардарды өзүнө тартуу жөндөмү жок.Андай учурда кайра артка чыгып кеткиң келет.Андыктан мен биринчи кезекте адамга туура мамиле жасай билген кызматкерлерди тандадым.Босогону аттаган кардарга жылуу мамиле жасаганды, сылык тейлегенди, сапаттуу кызмат көрсөткөндү ар бир кызматкерим мыкты билет.

-Салондо кандай кызматтар көрсөтүлөт? Баасы карапайым элге жеткиликтүүбү?
-Макияждын бүт түрү жасалат.Косметологдордун баарынын медициналык билими бар.Чач жасалганын түрү, кирпик чаптоо, өстүрүү, тырмак жасалганын түрлөрү, айтор, сулуулукка тиешелүү бүт кызматтар бар.Менин оюмча сапаттуу кызмат арзан болбойт.Кээде бизге арзан салонго качырып келбетин бузуп алган айымдар кайрылат. Биздин адистер кандай оор болбосун кардардын күйүп калган чачын же формасы бузулган кашын түп тамыры менен өзгөртүп берет.Ошондуктан айымдарга арзанга качырбагыла дээр элем.Сапатсыз кызмат кайра эки эсе чыгаша кылуусу мүмкүн.
-Бүгүнкү күндө салондор күн сайын көбөйүп келатат.Атаандаштыкка кандай жол менен туруштук берип атасыз?
-Эл шоу-бизнестеги айымдар салон ачса бири-бирине атаандашкандай көрөт экен.Жеке мен эч кимге атаандашпайм.Бирөө-жарымды озуп чыккым деле келбейт.Тынч, өз оокатымды кылганды жактырам.Ошол эле учурда аракет кылбасаң да болбойт экен.Атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар кандай ыкмалар менен кардарларды өзүбүзгө тартабыз.Мисалы, социалдык тармактын колдонуучуларына сынактарды уюштуруп турабыз, Асема аттуу кардарларга арзандатуу кылып беребиз, майрамдарда арзандатууларды кылышыбыз мүмкүн.Кыскасы, кардарларыбызды сүйүнтүп тургандан тажабайбыз.Менин атымдын таанылганы да жардам берип атат.Эшиктен кирген ар бир кардар:“Чын эле актриса Асеманын салонубу?”-деп сурайт.

-Өзүңүз салонуңуздагы кайсы кызматтан көп колдоносуз?
-Боёнгонум эле болбосо, жасалма сулуулуктун түрлөрүн колдонбойм.Бир жолу жасалма кирпик чаптаткам.Машакаты көп экен.Аягында тажап кетип жулуп алып салгам.

-Көп убактыңыз салондун иштери менен өтүп чыгармачылык четте калган жокпу?
-Башында салондун иши бир нукка түшкүчө өзүм аралашып, кээде керек болсо пол жууп, кардарларга чай, кофе даярдап берген күндөр болду.Азыр деле күнүмдүн көп бөлүгү салондо өтөт, бирок Кудайга шүгүр, иш акырындык менен өз нугуна түшүп калды.Учурда чыгармачылыкты, ишкерликти да жөндөп кеткенге аракет кылып атам.Убакыт жетпей кээде тойлордон баш тартууга туура келет, кээде салондогу ишимди калтыра туруп чакырыктар боюнча тойго кетем..

-Күндүз салондо, кечинде тойдо жүрсөңүз балдарыңызга качан убакыт арттырасыз?
-Алтынчы, дем алыш күндү толугу менен үй-бүлөмө арнайм.Башка убакта үйдө жардамчы эжекем бар.Көп жылдан бери биз менен жашайт. Үй тиричилигине жардам берет, балдарды карашат.Ага толугу менен ишенем.Уулум 10 жашта, кызым 7 жашта.Кичинесинен өзүнүн артынан жыйнаганды, буюмдарын иреттегенди үйрөткөм.Азыр мага кошумча түйшүк жаратпай өз алдынча болуп калышты.Мен болсо эс алуу күндөрү жолдошум, балдарым менен үйдө болгонду, аларга жаккан тамактарды жасап берип кубандырганды жактырам.Балдарыма куурулган, майлуу тамактарды ыраа көрбөйм.Баары бир зыяны бар да.Көп учурда кайнатма, жеңил тамактарды жасап бергенге аракет кылам.Дымдаманы үй-бүлөбүз менен жакшы көрүп жейбиз.Ушу күнгө чейин бир түшүнүксүз сезимден арыла албай койдум.Талаа-түздө, конокто жүргөндө даамдуу тамак жеп калсам кекиртегимен өтпөй кыйналам.Үйдө балдарым ачка отургансып, менин алдымда турган даамдуу тамакты ошолор жесе жакшы болбойт беле деп ойлоно берем.Балким бардык эле энеге менин сезимим тааныш болсо керек.

-Балдарыңыз чоңоюп калыптыр.Аларга тарбия берүүдө кандай ыкманы колдоносуз?
-Мен өзүм аскердик режимде чоңойгом десем болот.Эрте турчумун, үй оокаттарын жасачумун.Кийин эс тартып калганда ашыкча эки жакка басчу эмесмин.Ушу күнгө чейин апам менен дос болгон жокмун, андан кадимкидей ыйбаа кылып турам.Сестенем.Кээде ачуусуна тийсең азыр деле тизип коёт.Өзүм көргөн тарбияны балдарыма бергенге аракет кылуудамын.Анан азыркы бала менен дос болуш керек деген заманбап түшүнүккө каршымын.Бала менен дос болсоң башыңа чыгып албайбы?Акжол тескерисинче балдарды бошураак кармаганга, эркин койгонго аракет кылат.

-Мындай карама-каршы көз караш пикир келишпестиктерди жаратпай койбосо керек?
-Ооба, түшүнбөстүктөр болуп турат. Акжол чет мамлекетте билим алган, заманбап ой жүгүртөт.Балдарды мектепке берүүдө талашып-тартыштык.Мисалы, мен кыргыз мектепке беребиз, бала орус мектепке барса аң-сезими башкача болуп калат дейм.Жолдошум бала орус мектепте окуса келечегине мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот дейт.Ошентип, талашып-тартышып атып уулумду кыргыз, кызымды орус мектепке бердик.

-Эл көзүндө жүргөн келбеттүү айымдардын катарындасыз.Жолдошуңуз катуу кызганат деп уктум эле?
-Эби менен кызганат.Кызганычына караганда колдоосу көп.Элдин адамысың деп чыгармачылыгымды өстүрүүгө шарттарды түзүп берет.Мага ишенет.Бири-бирибизден жашыра турган эч нерсебиз жок.Жолдошума караганда уулум көп кызганат.Көчөдөн кетип баратканда бөтөн эркек карап калса ага жинденип короз болуп калат.Атасына да “апаман башка эч кимди караба” деп акыл үйрөтө берет экен. БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу