Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгонун мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Вице-мэрдин милдетин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аткарууда.
Асел Куламбаева вице-мэрликке 2018-жылдын июнь айында дайындалган.